www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкерлердин айрымдары шайлоочулардын добушун сатып алып, аларга кысым көрсөтүп, административдик ресурсту колдонуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда өткөн пресс-конференцияда «Жалпы иш» коомдук фондунун координатору Арсланбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, 25-октябрдан 28-декабрга чейин байкоо жүргүзүлүп, 53 мыйзам бузуу катталды:

«Шайлоочулардын добушун сатып алуу. Андан тышкары басым жасалып жатканы тууралуу арыздар келип түшүүдө», - дейт ал.

Белгилей кетсек, жогорудагы 53 фактынын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланышкан.

Ошондой эле, «Жалпы иш» коомдук фондунун координатору кээ бир арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынан координациялык тобуна жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости