www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арстан Алай президент Жапаровго тескери бата бердиби?

Шайлоо бүткөн соң күн жылыды, быйыл да Арстан Алай:«Зима не будет» деди. Эң начар добуш алган «Кудай» Арстан Алайдын пикири боюнча  Жапаров өлкөгө караңгы күндөрдү алып келет имиш. Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдагы добуш берүүнүн жыйынтыгында да жеңишке жетишип, болгону 3 жыл иштеди.Ал эми Садыр Жапаров ага жетеби бир алла билет.

“Азыр ал кайда? Рингдеги мушкерди элестетип көр. Ал жыгылды, бирок бул анын атаандашы беттеште жеңишке жетишти дегенди билдирбейт. Ошондой эле экинчи, үчүнчү, төртүнчү раунддар бар. Эркек үйлөндү, кыз турмушка чыкты, бирок бул аларды бекем үй-бүлө болду дегенди билдирбейт. Ооба, Жапаров көбүрөөк добуш алды, бирок бул жеңиш эмес, бул өлкө үчүн трагедия! 110% алса дагы, аларды коркутуп-үркүтүп, пара берип жеңип алды!” – деди талапкер. “Жапаровду шайлоо мамлекетке зыян, трагедия жана караңгы күндөрдү алып келет. Аллах чынчыл, таза адамдарды колдойт жана Жапаров эл үчүн эч кандай жакшылык кылган жок”, – деди Абдылдаев.

“Бул жеңиш эмес! Садыр шайлоодон жеңген жок! Садыр кыргызга ажал-азап, кырсык-кыйынчылык алып келет!» деди Арстан Алай. Өлкө үчүн ушул караңгы мезгил качан келет деген суроого, ал процесс башталганын айтты.Шайлоодогу эң төмөнкү көрсөткүчтү көрсөткөндүгүнө байланыштуу талапкер: “Мен өз миссиямды аткардым. Мен Алланын алдында тазамын, бирок Жапаров андай эмес” деп жооп берди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости