www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Учурда Кубатбек Боронов сурак берүүдө. Жакында Алтынай Өмүрбекова дагы суракка келет», - дейт Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-январда билдирди.

«Пандемия учурунда миңден ашык адам каза болду. Гуманитардык жардамга келген акчалар айлык берүүгө бөлүнүп кеткен учурлар бар. Ушуга жол бергендердин баары камалат. 

Азыр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-2 жолу гана сурак берди. Ал эми учурда Кубатбек Боронов сурак берүүдө. Жакында Алтынай Өмүрбекова дагы суракка келет.

Ошондой эле, жакынкы арада 2 премьер, 1 вице-премьер жана саламаттыкты сактоонун 2 министри суракка чакырылып, жоопкерчилиги каралат», - деди Жапыкеев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости