www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жаңы жылды кайрымдуулук менен баштоону сунуштап, жарандарга кайрылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, алыскы Баткен облусундагы үй-бүлөгө унаа сатып берүүүнү көздөп жатат.
«Достор, эгерде каалоочулар болсо жыл башында чогуу бир үй-бүлөнү кубантпайлыбы? Мен Баткендеги чек аралаш айылга эки ирет бардым, телефон номеримди калтырып кеткем. Жакында ошол жердеги бир үй-бүлө мага кат жазыптыр, жумуш жок, таксилеп тиричилик кылганга бир жигули сатып берсеңер өмүр бою ыраазы болот элек деп. Адатта бизге каражат сурап өтө көп, ар кандай өңүттө кайрылышат. Бирок, мен бул бүлөнү көрүп келгем, турмушуна топук кылган, шүгүр деп жашаган үй-бүлө. Өзүм эле сатып бергенге каражатым чектелүү, жигулинин баасы жүз миң сомдон бир аз ашат дешти билгендер. Беш-он миң сомдон он чактыбыз чогултсак болчудай. Тээ чек аралаш айылдан үмүт менен кайрылган адамды мостойтуп жооп бербей койсок жарабас. Каалоочуларга гана кайрылдым. Эртеңден Ошто болом, Баткенге чейин барып тапшырып коет элек. Рахмат», - деп жазган депутат.
Эл өкүлүнүн мындай билдирүүсүнө Facebook колдонуучуларынын бири кайрыымдуулук үчүн акчаны кесиптештеринен чогултууну сунуштаган.
Ал эми Жанар Акаев ага «алардан чыкпайт» деп жооп калтырган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg