www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы шайлоолордо бийлик өзүнүн талапкеринин атаандаштарын КТРК аркылуу каралап, жамандаган учурлар көп болгон. Ошондуктан КТРК “кара жашик” аталып калган. Азыркы шайлоодо тескерисинче КТРКда өткөн теледебатка Садыр Жапаров келген жок. Мындай пикирди юрист, БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.
--“Баарыбызга белгилүү болгондой мудагы шайлоолордо бийлик өзүнүн талапкерин КТРКнын эфири аркылуу бир беткей мактап, ага көбүрөөк жан туртышчу. Мисалы бийлик талапкеринин атаандаштарын КТРК аркылуу каралап, жамандаган учурлар көп болгон. Ошондуктан КТРК “кара жашик” аталып калган. Азыркы шайлоодо тескерисинче КТРКда өткөн теледебатка Садыр Жапаров келген жок. Анын атаандаштары Жапаровду Коомдук канал аркылуу жамандап, айтчу сөздөрүн айтып алышты. Бул дагы болсо баардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берилгенинен кабар берет. Ал эми Жапаров аларга эл менен жолуккан учурда гана жооп берип жатты. Мен 20 жылдан ашык убакыттан бери шайлоолордо активдүү катышып жүрөм. Бир дагы шайлоо азыркыдай таза өткөн эмес. Азыр дүйнө жүзү, коңшу өлкөлөр таза өтөнүнө суктанып жатат. Кыргызстан ушундай таза шайлоо өткөрүү менен алардын алдында кадыр-баркыбыз көтөрүлдү. Мен 10-январда үч уюмга кеңеш берип жаттым. Анча-мынча админресурс болгону байкалды. Мурдагыдай бийлик бутактары катуу киришип, кызматкерлерине басым жасаган жок. Дарыгерлерге жана мугалимдерге талап коюлган деген маалымат чыкты, бирок аны дагы так маалымат эмес.
Ал эми БШКнын даярдыгы абдан начар болду. Көпчүлүк шайлоо тилкелериндеги урналар бузулуп жатты. Аны тиешелүү адистер оңдомуш болушту. Андыктан шайлоого чейин ошонун баарын жакшы даярдаш керек эле.
Ошондой эле буга чейин үгүт иштеринин жүрүшүндө талапкерлер ката кетирип жатты. Ага БШК көз жумуп койду. Себеби башында кайсы бир талапкерди колдоп жатышкан. Ага чара көрө албай коюп, калган талапкерлердин мыйзам бузгандары боюнча келип түшкөн арыздарды карашкан жок. Бул дагы БШКнын мүчөлөрүнүн катачылыгы”, - дейт Абдрахматова.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg