www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров инаугурацияга чейин премьерликтен кетиши керек. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев 24.kg агенттигине билдирген.

Саясатчынын айтымында, жаңы шайланган мамлекет башчынын инаугурациясы БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгаргандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.

«Азыркы конституцияга ылайык, президент премьер-министрдин милдетин алып кете албайт. Демек, Садыр Жапаров өкмөт башчылыгынан расмий түрдө кетиши керек», - дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Рысалиев Садыр Жапаров инаугурациядан кийин расмий түрдө премьер-министрлик ыйгарым укуктарынан баш тарта турганын билдирген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости