www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Улан Сатиев кызматташуу жана өз ара аракеттенүү тууралуу Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Документ маданий демилгелерди, анын ичинде Art Dialog долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан иш-чараларды маалыматтык коштоо жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Тараптар УТРКнын телеканалдарында маданий иш-чараларды чагылдыруу боюнча аракеттерди координациялоо, конференцияларды, тегерек столдорду жана пресс-иш-чараларды биргелешип уюштуруу, ошондой эле медиапландарды иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү тууралуу макулдашышты.
Кызматташтык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тең укуктуулук, ачык-айкындуулук жана өз ара ишеним принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылып, өлкөнүн медиа мейкиндигинде маданий диалогду кеңейтүүгө жана улуттук маданиятты жайылтууга өбөлгө түзөт.