www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалдын учурдагы абалын талкуулашты.

Артем Новиков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргыз Республикасында ички саясий кырдаалды турукташтыруудагы Россия Федерациясынын өзгөчө ролу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу форматтагы жана интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелеринин топтомун талкуулашты. 

Жолугушуунун соңунда Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына каржылык жардам көрсөтүүнү этап-этабы менен баштоо маселеси макулдашылды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости