www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана өндүрүш кооперациясы чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду түзүү, соода-логистикалык борборлорду, эки өлкөнүн чек арага чектешкен облустарында эркин экономикалык (өндүрүш) аймагын куруу жолу менен соода жүгүртүүнүн номенклатурасын кеңейтүү маселелери талкууланды. 

2020-жылдын декабрь айында чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин үчүнчү отурумун  өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Кеңештин алкагында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында соода-экономикалык чөйрөдө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык иш-чаралар планына (Жол картасына) кол коюу пландаштырылууда.

Соңунда тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин чечүү үчүн диалогду улантууга жана мамилелердин бардык комплексин мындан ары да активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости