www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрдин саясат менен эмне жумушу бар? Министр боло элек жатып «Текебаевдин Шаолини» наамын туткан айыл чарба министри жаңы Конституцияга каршы чыкты. Конституциянын жаңы долбоорунда мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. Ошондой эле долбоордо өкмөттү башкаруу президентке жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн. Буга бадыраңчылардын тиши өтөбү? Бадыраң өстүрүп күн көрүп жүргөн баланы Текебаев өкмөт башчысы кылгысы келген. Бирок, ага чамасы келбей, ал айыл чарба министрлигин басып жыгылды, кандай карьералык өсүш! Ал айыл чарбасына министр болгону оозу гана сүйлөп, өзү эч нерсеге дараметсиз экенин айкындады, көрсө Текебаев аркансыз жетелеп алгандардын бирөө экен. Жакында дыйкандар маңдай тери менен чыгарып жаткан эт жана башка азык-түлүктөр чет мамлекетке чыгарылбасын деп буйрук чыгарыптыр. Бул дыйкандарга болгон ачык бут тосуу, бийликке болгон саботаждык:

Биринчиден, дыйкандар шор терин агызып өндүргөн продуктыларын чет мамлекетке сата алышпай, маңдай теринин үзүрүн көрбөй калышат.

Экинчиден, «Көч бара-бара түзөлөт» дейт, жаңыдан түзөлүп келаткан чет мамлекеттер менен болгон мамилени бузуп, алар менен Кыргызстандын ортосунда болуп жаткан келишимдерди бузуп жатат.

Үчүнчүдөн, дыйкандардын продуктыларын чет мамлекетке саттырбай койсо эле баа түшүп кетпейт. Айыл чарба министрлиги монополияга каршы күрөшүп, бааларды стабилдүү кармаш үчүн күрөшүү керек. Кабинетке отуруп алып, бадыраң саткансыбай элдин жашоо тиричилигин тыңдашы зарыл. «Кедейкандай» болуп бир ай министр боло элек жатып дыйкандарга каршы буйруктарды бербей. Айыл чарба тармагы биздин мамлекеттеги орчундуу тармак. Ошол үчүн айыл чарбасына реформа жүргүзүп бай тажырыйбаларын топтогон Бекболот Талгарбеков сыяктуу реформаторлор бул тармакты жетектесе «Текебаевдин Шаолисине» караганда мамлекетке пайдасын түшүрмөк.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости