www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Артисттер Медициналык университетке ректор болгон бул бизге окшогон Кыргызстанда эле болсо керек. Батышта артист Медициналык университетке ректор борлуптур десе окшуп туруп, кызматтарынан айдап жибермек. Эски СССРде деле медициналык окуу жайга артистти ректор койгон эмес. Бизде болсо, мурунку премьер-министр күйөөсү Кубанычбек Жумалиевдин трайбалисттик колдоосуна таянып артист ректор болуп отурат.
Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени талкуулап, ал эмес тармактык эмес жогорку окуу жайларында медициналык факультеттерди ачууга каршы пикирлерин билдиришти. “Эгер айрым Айыл чарба академиясы сындуу жогорку окуу жайлары медициналык адистерди даярдагысы келсе, аларга лицения берилеби же берилбейби?”, деген собол салды депутат Эмил Токтошев.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев "эгерде клиникалык базасы талапка жооп берсе, анда аларга лицензия берүүдөн баш тартууга эч негиз жок. Лицензия Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилет”, - дейт.
Депутаттар лицензияны Саламаттык сактоо министрлиги бериши керектигин айтышты. Ал эми депутат Мурадыл Мадеминов Медициналык академияны өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи. “Медициналык факультеттерди көрүнгөн жогорку окуу жайларында ача берип, адистердин деңгээлин түшүрүп жибердик. Мыйзамга өзгөртүү киргизип, адистерди бир жерде даярдашыбыз керек”, - деп кошумчалады ал.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын ишин жөнгө салган мыйзамдар Бюджеттик кодекске шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясын жактырды.
Мыйзам долбоору аркылуу «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда.
“2017-жылдан тарта күчүнө кирган Бюджеттик Кодексте бюджеттик тутумдун түзүмү төрт бюджеттен түзүлөрү белгиленген, анын ичинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине да орун берилген. Ошондон улам, Соцфонд менен ММК фондунун бюджеттеринин ортосундагы каржылык башкаруу мамилелерин жөнгө салуунун укуктук негиздери белгиленүүдө”, - деди ал. Андан тышкары, ашыкча кайталанма туюндурмалар алынып салынганы белгилүү болду. Ошондой эле, айрым түшүнүктөр менен программаларды бир кыйла тагыраак белгиленди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg