www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артсанбап жаңгагы дүйнөгө тарайт

2023-жылдын 24-мартында № 70 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынып, ушул мыйзамдын негизинде жаңы объект “географиялык көрсөтмө” ишке кирген.

Регионалдык бренддерди колдоо максатында 2024-жылдын 26-апрелинде Президенттин Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүнү колдоо максатында өз ара аракеттенүү жөнүндөгү” эки тараптуу Макулдашууга кол коюлуп, Кыргызпатенттин кызматкерлери облустарда интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого өтүнмө берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен.

Ошондой эле 2024-жылдын 25-апрелиндеги №203 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасы жөнүндө” Токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасынын МЕТОДИКАСЫ кабыл алынып анын негизинде ар бир облуска экиден географиялык көрсөтмө тапшыруу боюнча программага киргизилген.

Жогорудагылардын негизинде 28-октябрда Арстанбап жапайы жаңгагын географиялык көрсөтмө катары каттоого өтүнмө келип түшүүдө.

Өтүнмө “Артсанбап жапайы жаңгагы” географиялык көрсөтмөсүн башкаруу Ассоциациясы тарабынан берилүүдө.

Последние новости