www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Назарбаевдин жакындары криминалдык топтордун жардамы менен Алматыда башаламандыкты жаратышты», - деди бүгүн, 14-январда NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков.
- Артур мырза, Казакстандагы абал тынчып калганы менен ал жактагы трагедиялуу окуянын келип чыгышы боюнча түрдүү маалыматтар айтылууда. Бири кылмышкер менен динди туу туткандар биригип кетти десе, экинчиси укук коргоо органдары тынч элге кол көтөрүп, абалды курчутуп жиберди дешет.
Кай бирлер Нурсултан Назарбаевдин бардык байлыкты ээлеп алган тууган уругунун айынан элдик толкундоолор күч алганын айтышууда. Сиздин оюңуз боюнча бул окуянын күч алышына эмне себеп болгон?
- Казакстандагы кечээ жакында болуп өткөн кайгылуу окуя казак эли үчүн чоң трагедия болуп калды. Казак мамлекети эгемендүүлүккө ээ болгону мындай окуя биринчи жолу орун алды.
Өкүнүчтүүсү, Казакстандагы болуп өткөн трагедиялуу окуя казак мамлекетинин түзүлүшүнө жана дүйнөлүк аброюна терс таасирин тийгизди. Тагыраагы, кандуу окуя казак мамлекетинин башчыларынын алсыздыгын көрсөттү.
Айтайын дегеним, кандуу окуя менен коштолгон абал Казакстанда бир күндө эле пайда боло калган жок. Нурсултан Назарбаев баштаган бийлик 30 жылда коррупциялык, олигархтык, авторитардык, тоталитардык режимди түздү.
Жыйынтыгында Назарбаевдин жакын туугандары Казакстанда чоң бизнестердин баарын ээлеп алып, карапайым эл жакшылыктуу күн көрбөй жакырчылыктын сазына батып калганын, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү да түрдүү тоскоолдуктарга кабылганы ачыкка чыкты.
Кыскасы, суютулган газдын 60 теңгеден 120 теңгеге көтөрүлгөнү элдин кыжырын кайнатып, түндүгү да, түштүгү да бирдей талап менен көтөрүлдү.
Анткени, Казакстанда Менделеевдин бардык элементтери бар, бай мамлекет болгону менен эли жарды жашап, жакырчылыктын, кымбатчылыктын сазына батып баратканы карапайым элдин нааразычылыгын жаратты.
Кыскасы, элдин чыдамы түгөнгөнү үчүн Казакстандын түндүк облусунун талаптарын түштүк тармагы колдоого алды. Бирок, бийлик абалды жөнгө салгандын ордуна туура эмес багытта иш алып барып, абалды курчутуп алышты.
Өздөрүн кудай сезип, саясатчыларды куугунтуктап, элди каалагандай калчаган укук коргоо органдары, нааразычылык акциясына чыккандарды заматта ордуна коёбуз деп чоң катачылыкка жол беришти.
Тагыраагы, тынчтык митингине чыккан элди камап, ур-токмокко алып, абалды курчутуп алышты. Буга бир нече фактор себеп болду. Казакстандагы кош бийлик да абалды татаалдаштырды.
Токаевдин жана Назарбаевдин командасынын ортосунда пикир келишпестик, атаандаштык курчуду. Назарбаевдин жакындары криминалдык топтордун жардамы менен Алматыда башаламандыкты жаратышты.
Мына ушундан пайдаланып, Казакстанда уктап жаткан, билинип билинбеген ячейкалар ойгонду. Тагыраагы, кечээги кандуу окуяда Казакстанда диндик радикалдуу салафизмдин өнүгө баштаганы көрүндү.
Ошондой эле Казакстанда терроризм менен шугулданып, жакынкы чыгыштагы Сирияда согушуп келген 1000дей адамдын катары көбөйгөнү байкалды.
Алар ири суммадагы каражат топтоого эле аракет кылбастан, колдоруна курал алып, кылмыш иштерин жасаганы дагы көрүнүп турду. Ошондой эле башаламандык учурунда талап-тоноочулук орун алды.
Ага укук коргоо органдарынын жогорку деңгээлде туруштук бере албаганы, абалды көзөмөлдөн чыгарып жибергени себеп болду.
Булак: NazarNews.kg