www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арзыбек Бурканов өкмөт башчынын кеңешчиси кызматынан кетти

Арзыбек Бурканов премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Бурканов 2011-2012-жылдары Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп иштеген. Мындан сырткары, 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Анын атын буга чейин президент Садыр Жапаров маектеринин биринде атаган. Анда журналист мамлекет башчыга Арзыбек Бурканов кадрдык саясатка түздөн-түз кийлигишип, көп маселени чечип койгон киши катары сыпатталып жатканын айтып, мунун канчалык чындыгы бар экенин сураган. Жапаров "Арзыбек Бурканов бир дагы кадрды мага алып келген жок. Мен кандай буйрук берсем ошону гана аткарып жүрдү" деп жооп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости