www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ОСАГО полиси киргизилсе мамлекеттик бюджетке жылына салык түрүндө 40 млн сом түшмөк. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү катары 10-15 млн сом түшмөк.

"Ошондой эле ОСАГО иштей баштаса жумуш орундары түзүлөт. Аймактардагы камсыздандыруу компаниялары адамдарды жумушка алып, имараттарды сатып алып, өкүлчүлүктөрүн ачат. Башкача айтканда, экономикалык натыйжа болот", - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ОСАГО жөнүндө мыйзам 2015-жылы кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости