www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Чет өлкөдөн каржыланган ар бир маалымат булагы жабылышы шарт!", - деди бүгүн, 29-январда NazarNews маалымат агенттигине сүрөтчү Асан Турсункулов.

- Асан агай, "Kaktus Mediaнын" тажиктерге ыктаган маалымат таркатканына нааразы болгондор бүгүн митингге чыгышты. Бирок, "Kaktus Mediaны" жапсак, эртен, "Азаттыкты" дагы башкасын жаап, сөз эркиндигин муунтуу болот  дегендер чыга башташты. Мындай абалда эмне кылышыбыз керек?

- Чет өлкөдөн каржыланган ар бир маалымат булагы жабылышы шарт! Анткени, мамлекеттик коопсуздук деген ыйык нерсе бар. Биз эгемен мамлекетбиз! Өз маселебизди өзүбүз чечкенбиз жакшы. Кыргыз эли ошондо ынтымакта жашайт.....

Сөз эркиндиги кыргыз элинде тээ байыртадан бери болгон жана боло берет. Кыргызда жакшы макал бар:

"Баш кесмей бар, тил кесмей жок!" - деген. Башын кесип алмайынча кыргыз акыйкат сөздү айтат. Бөтөн эл бизге үйрөтпөй эле койгону оң.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости