www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асан агай, 1993-жылкы Конституцияга кайтып келүүнү сунуштагандар чыкты. Алардын сунушу орундуу элеби?

- Орундуу. Ал турсун 1993-жылкы Баш мыйзамга кайрылуу - азыркы учур үчүн өтө актуалдуу маселелердин бири. Анткени, ал мыйзамдарды ийне-жибине чейин иликтешип, эки жылдан ашык убакытта жазышкан. Ал Конституцияны эч нерсени аңдабаган «чимкирик» депутаттар эмес, легендарлуу парламент депутаттары жоопкерчилик менен иштеп кабыл алган.

Бирок, ошол улуу документтин азыркыга чейин багы ачылбай келет. Баш мыйзамга кесир мамиле кылуу дал ошол кезде башталган. Легендарлуу парламентти таркатып, башкы бийлик тарых кечирбей турган авантюризмге барган.

Ушинтип, «ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт» демекчи, Баш мыйзам менен ачык ойноп, мыйзамдуулуктун кусуру ургандай мамлекетибиз юридикалык жактан чаржайыт абалга кептелди.

Мыйзамдуулукту сыйлабаган абалды өнөкөт кылып алганыбыздын чоо-жайы менимче ушундай. Ар бир келген бийлик Баш мыйзамды өзүнө ылайык оңдойм деп жатып оңкосунан кетишкенин сезип, президенттердин түштөн кийин өкунгөнүнөн не пайда?

- Бирок, андан бери доор алмашты, баары өзгөрдү деп жатышат го?

- 1993-жылдан бери чыны менен кыйла суу акты. Жылдар өттү, доор алмашты. Ал мезгил эгемендүүлүктүн башаты эле. Ошентсе да бүгүнкү Баш мыйзамды иштеп жаткан комиссия ошол 1993-жылдагы легитимдүү мыйзамды негиз кылып алса болот деген ойдомун. Мезгил өткөндөн кийин балким оңдоолор керектир...

Мүмкүн конференция өткөрүп, кем-карчын тактап, кемтигин толтуруу да зарылдыр... Ал эми Убактылуу өкмөт учурундагы Баш мыйзамды «2020-жылга чейин кол тийгис жана оңдоого гана болот» деп жазып, бирок «жаңы Баш мыйзам жазууга болбойт» деген тыюу ашкере көрүнуш.

Ошого карабай, жаңы Баш мыйзамды «2020-жылга чейин оңдоого болбойт» деген талапты бузуп, Атамбаевдин учуру ого бетер легитимсиз кылды. Азыр иштеп жаткан Текебаевдин Баш мыйзамынын түп нускасы жоголуп, азыркыга чейин табылбагандыктан, түп нускасы жок мыйзам «Баш мыйзам» деп аталганы негизсиз.

Ошондуктан, 1993-жылдагы Баш мыйзамдын гана анык күчү бар. Ага кандай мамиле кылабыз - ал мыйзамдуулугубузду, мамлекеттүүлүгүбүздү сыйлагандарга жараша болот.

Туура, турмуш дайыма жаңыланып турат, ага кечээ жазылган мыйзам тоскоолдук кылышы толук мүмкүн. Бизде үч статустагы мыйзамдар бар: биринчиси, Баш мыйзам хандын эрке баласындай.

Экинчиси, Конституциялык мыйзамдар. Ал мыйзамдар депутаттын баласындай эркелейт.

Үчүнчүсү, көп учурда иштебеген мыйзамдар. Булар карапайым элдин балдарындай. Башкача
айтканда, жазган мыйзамдарыбыз эле тең укуктуулукту бузуп турат.

Балким мындай абалга алып келген Баш мыйзамдын биздей мыйзам сыйлабас элге кереги жоктур?.. Баш мыйзамсыз эле жашап жаткан өлкөлөр бар, ошолордой эле тең укуктуу «свод основных законов» деген принцип менен кетсек, улам Баш мыйзамдын айынан революция чыккан оор абалга кептелбестирбиз?..

Анүстүнө, азыр жаңы доор башталып жатат, анын мыйзам системасы кандай болот? Кыскасы, Баш мыйзамды шашып кабыл албашыбыз керек. Бул мыйзамсыздыктын айынан тең укуктуулук бузулуп, айрым мыйзамдар туулбай жатып иштебей калат.

Чаржайыттуулук, коррупция деген ар ким убактылуу өз пайдасына жараша мыйзам кабыл алдыргандан келип чыгат. Ошондуктан, мамлекет тез оңолсун десек, тең укуктуу мыйзамдарды кабыл алып, керектүүсүн Баш мыйзамга кошуп, улам чуу чыгарып, революция кылып, түшпөс хандарды кулатып отурбай, тармакташкан (бийлик, сот, жарандык) мыйзамдар аркылуу мезгилди эске алып, турмушту мыйзамдаштырып турууга кантип болбосун?!

Мамлекетибизде мыйзамдуулукту туура орнотуу үчүн Баш мыйзамды кынтыксыз сыйлоого жана аны аткарууга кенүшүбүз керек.

Атка минген эле кыргыз өзүн тоо сезе берген биздин менталитетибизге ылайык мыйзамга ээ бололу!

Булак: "Азия News" гезити

 

Последние новости