www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бир канча жолу төңкөрүш болду, өлкө экономикасы 10 жылга артка кетти. Мындай пикирди коомдук, саясый ишмер Тойгонбек Калматов NazarNews маалымат агенттигине учурдагы абал тууралуу маек куруп жатып билдирди.

--“Биздин чоңдор чет элдик саясатчылар менен мамиле кылууда дипломатиялык жактан чабалдык кылышууда. Мында ойлорун ачык айта албай, туура малиле кыла албагандыктан өлкөгө дагы терс таасирин тийгизип жатат. Дүйнөдө абдан өнүккөн өлкөлөр мындан улам пайдаланып кетишет. Айрыкча начар мамлекеттерге чоң таасири тийет. Муну дүйнөлүк саясий серепчилер, талдоочулар айтууда. Менин дагы буга аябай ичим ачышат, себеп дегенде ошол алсыз өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы бар. Андыктан биз өзүбүз мамлекетти сыйласак, ички саясатты жүргүзүүдө сырткы күчтөрдү аралаштырбай, оң багытта жүргүзсөк, алар дагы бизге жакшы мамиле кылышат. Кечке эле митинг, туруксуз жашоо боло берсе, коңшу мамлекеттер дагы кызматташпайт. Бул мыйзамдуу көрүнүш. Ким эле уруш-талаш болгон адамдар менен мамиле кылып, иштешет? Андыктан талаш-тартышты токтотуп алдыга жылып Кыргызстанды сактап калалы. Урматтуу кыргыз эли сүйлөгөндөн мурда дүйнөдөгү мамлекеттердин системасын, алардын өнүгүү жолун, алардын бизге кылган иш-аракеттерине, мамилесине карап ойлонуп, анан сүйлөсөк. Болбосо биздин сөздөр, кылып жаткан иштерибиз эртеңки келечегибизге чон таасирин тийгизет. Ал эми бийлик төбөөлдөрүнө айтсак, ынтымактуу болуп бириксеңер өлкөнүн экономикасы алдыга жылып, өнүккөн өлкөлөргө кирет,”-дейт Калматов.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости