www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада COVID-19га каршы эмдөө иши башталды

Москва калаасынын мэри Сергей Собянин өзүнүн блогунда билдиргендей, Москвада COVID-19га каршы эмдөө иши башталды.

«Алгачкы беш сааттын ичинде эмдөөгө беш миң адам катталды. Алар ден соолугуна жана өз өмүрүн тобокелге салган кесип ээлери: мугалимдер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер», — деп жазган Собянин.

Буга чейин Владимир Путин орусиялыктарды коронавируска каршы жалпы эмдөөнү баштоону тапшырган. Москвада бүгүн 5-декабрда биринчи эмдөө борборлору ачылат.

18 жаштан 60 жашка чейинки, өнөкөт оорулары жок, коронавирустук вакцинанын клиникалык сыноолоруна катышпаган, акыркы 30 күндө эмдөөдөн өтпөгөн жана суук тийүү жана сасык тумоого чалдыкпаган Москвалыктар эмдөөдөн өтө алышат.

Алар Гамалея борборунда түзүлгөн «Sputnik V» вакцинасы менен эмделет. Негизги артыкчылыктары — коопсуз, натыйжалуу жана узак мөөнөттүү терс кесепеттери жок экенин Орусиялык медиктер тастыкташкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости