www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова Швейцариядагы сотто жеңип чыгып, тоңдурулган 350 миллион долларлык активдеринин бөгөтүн ачууга мүмкүнчүлүк алды.

Федералдык апелляциялык сот Гибралтарда жайгашкан ракеталык Takilant Ltd компаниясынын мыйзамдуу юридикалык бенефициары болгон деген дооматын канааттандырган, ал компаниянын каражаттары Швейцариянын банкында сакталганы маалым болгон. Бул тууралуу Bloomberg жазып чыккан.

"Бул Гүлнара Каримова үчүн маанилүү жеңиш, анткени федералдык прокуратура анын активдерин конфискациялоого аракет кылып, жана ошондой эле Каримовага соттук процессте позиция алуу укугунан ажыраткан",- деди анын адвокаты Грегуар Манжа.

Эске салсак, март айында Өзбекстандын Жогорку Соту аны арам акчаны адалдоо жана адамдарды опузалоо фактылары боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыраткан.

Швейцария сотунун өкүмү 2012-жылдан берки, Каримовага жана башка өзбектерге байланыштуу жүздөгөн миллион долларларлар кантип Швейцариянын банктарында сакталып калганын, прокурорлор тарабынан иликтенип баштаган тергөө иштери боюнча акыркы чечим болуп саналат.

Кардарынын акчасын кайтарып берүүгө чакырган Манжа: "Швейцария прокурорунун делосунда 350 миллион доллардын мыйзамсыз экендигин тастыктаган далилдер жетишсиз",- деди. Соттун чечими ошондой эле, Швейцария Өзбекстанга анын байлыгын кайтарып берүү мөөнөтүн тандаганга чейин, Каримованын акчасын өзүнө кайтарып алуу үчүн юридикалык жардам менен камсыздайт.

Швейцариянын прокуратурасы сентябрь айында Өзбекстан өкмөтүнө 131 миллион швейцариялык франк (146 миллион доллар) жөнөтүүгө макул болгон. Каримованын иши боюнча бир нече швейцариялык банктарда 650 миллион швейцариялык франк дагы эле тоңдурулган бойдон калууда.

Эки өлкө арасында кол коюлган келишимге ылайык, Швейцария Өзбекстанга акчаларды кайтарып берүүдөн мурда, Өзбекстан шарттуу түрдө аткара турчу бир нече милдеттенмелерди аткаруусу зарыл.

Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын май айында Өзбекстандын Юстиция министрлиги жана Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын 10 миллион доллар өлчөмүндөгү активдерин Франциядан кайтарып алышкан. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости