www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР экономика жана финансы институтунун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев ага менен баарлаштык. Өлкөдөгү экономикалык абалга өз баасын берди.

Мен да көп нерселерге кызыгып суроолорум арбып кетти. Ара-чолодо эки тизгин бир чылбырды колго алган премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун ишмердүүлүгүн сынга алып, ийлеп-ийлеп отко салды...

Айылчы ага, өлкөнүн экономикасын ойлогон жан барбы?

- Азыр эми Кыргызстанда экономика жөнүндө кызыккан, кам көргөн өкмөт да, парламент да, президент да жок. Бүткүл дүйнөлүк пандемия башталгандан бери бардык өлкөлөр чек арасын жаап, өзүнчө оокаттарын кылып келе жатат. Биздин мамлекет 70-80 пайыз сырттан келген импорт менен оокат кылып келген өлкө. Экспортубуз 4-5 эсеге аздык кылат.

- Мунун баары эмнеге такалып жатат?

- Өткөн кылымдын 90-жылдарынан баштап айыл чарбасын таратып, өнөр жайын өлтүрдүк. Завод-фабриканы жаптык. Жүз миңдеген кишилер жумушсуз калып, ар кайсы өлкөгө тентип кетти. Ошол мезгилден бери сырткы кредит менен жашап келе жатабыз. Бюджеттен, экспорт-импортубуздун дефицити, сомдун долларга болгон курсу сырттан келген кредит менен жабылып келген. Андан сырткары, грант менен оокат кылган бейөкмөт уюмдардын саны мурунку союздук республикаларга салыштырмалуу 1-орунда туруп, 6 миңден ашуун экен. 2-орунда Армения.

- Мигранттардын экономикага таасири барбы?

- Сылык-сыпаа «мигранттар» деп адабий, жалпак тил менен айтып атпайсыңбы, а чындыгында булар тентиген балдар. Эч качан, эч ким өз жерин жөн эле таштап кетпейт, эгер мекенинде турмуш шарты жакшы болсо. Алар жакшы айлык, жакшы жашоону издеп кетишти. Биздин өлкөнүн кейпин мигранттардын саны менен өлчөсөң болот.

Экинчиден, жыл сайын 60-70 миң окуучулар мектепти бүтүрүшөт. Ошолордун баардыгы тең республикада калбайт. Ашып кетсе 20 пайызы калат, калганы так ошол сыртка тентишет, же болбосо булар жанагы ууру-кескилердин катарын толуктайт.

- Өнөр жай, тамак-аштын абалы кантип атат?

- Булардын абалы да жүрөк жылытарлык эмес. Өзүңдүн кийген кийимиңдин башынан аягына чейин карап, кайсы өлкөдөн келгенин билип койсоң болот. Аш-тойдо берип аткан тамак-аштын канчасы сырттан келген, канчасы өзүбүздүкү экени айдан-ачык көрүнүп турат. Мына ушуларды карап отуруп биздин экономикабыздын абалын билесиң.

- Көчө толтура машина, ар убакта шаар ичи тыгын...

- Ооба, аның чын. Мунун дээрлик 90 пайызы эски, чет өлкөдө керектен чыгарышып, эптеп оңдолуп келген машиналар. Турмуш тиричиликке акырын жарап берсе деп алып келишкен. Жаңы машиналарды мамлекеттин чоң кызматчылары же ЖК депутаттары, же чоң бизнестери барлар эле тээп жүрүшөт. Эгерде 90 пайыз машиналар жаңы болгондо, «биз өнүгүп атабыз» десек болмок.

- Кыргызстандан экспортко кетип жаткан өнөр жай продукциялары барбы?

- Жокко эсе. Болгону азык-түлүк продукцияларын сыртка сатканга аракет кылабыз. Өзүбүз жей турган экологиялык жактан таза тамактарды сыртка таңуулап сата албай жүрөбүз, эсибиз ооп жатат.

Тескерисинче, ден-соолугубузга зыян келе турган тамак-ашты чет өлкөлөрдөн ташып келип жеп жатабыз. Муну эсепке алган эч ким жок. Санэпидстанция иштеш керек эле.

- «Туристтик өлкөлөрдүн катарындабыз» деп мактанчу элек, бу жагы экономикага кандай таасирин берип атат?

- Пандемия башталгандан бери эч ким келбей калган. Жайында Ысык-Көлдү ачып койду эле, оору-сыркоо күчөп, республика боюнча 1-орунга чыгып калды. Азыр курорттук зоналары бош турат. Чет мамлекет эмес өзүбүздүн жарандар баргандан коркуп турушат. Мындан сырткары, башка деле туристтик аймактар жыргатып иштеген жок. Ушунун баары экономикага терс таасирин тийгизип турган чагы.

- Социалдык саясатка бир аз токтолсоңуз...

- Ар бир өлкө өздөрун «социалдык» деп атоого аракет кылат. «Элибизге жардам беребиз, окутабыз, ден-соолугун карайбыз» дешип. Бизде бул система аябай талкаланды.

Саламаттык сактоо жагын алалы. Ооруканалардын абалын пандемиянын 1-толкуну учурунда көрдүк. Жада калса ооруга чалдыккандарды дарылай турган дарыгерлерибиз мышык ыйлай турган абалда калышты.

Жөпжөнөкөй эле аларды коргой турган СИЗ (Средство индивидуальной защиты) каражаттары жок экен. Биздин шаарыбыз анын ордуна эки парк салып койду. Биякта эл ооруканага батпай, дары-дармек жагынан кыйналып жатса, тиги жакта парк куруп жатат. Муну мен түшүнгөн жокмун, эч бир логикага жатпаган нерсе. Эки паркка кеткен акчага эмне үчүн биз ар бир оорукананын алдына кирип чыга турган зоналарды курган жокпуз?

Канчалаган жакыр үй-бүлө, жумушсуз калгандар бар, эмне үчүн ошолорго даары-дармек жагынан жардам берген жокбуз? Эмне үчүн бекер даарыланган шарт түзбөдүк?

- Эмнегедир жаз алды жакшы прогноздор болуп жаткансыды эле...

- Себеби, айыл-чарба канткен күндө да элди багып жатат. Малчылар, дыйкандар, фермерлер өздөрү өндүргөн продукцияларын базарга алып чыгып, элди жана өздөрүн карап дегендей.

«Жайында, күзүндө жыйнаган түшүмдү, ошол эле мал чарбасындагы эт, сүт ж.б. продукцияларды мамлекет келе турган пандемия толкунуна карата запас жыйып, резерв кылып, же башка жолдор менен кампаны толтуруп, кыш күрөөгө дайындайбы» деп умүт арткам.

Тилекке каршы, андай болгон жок, баарын жайына коюп койду. Ошол эле учурда, мейли, тамак-ашпы, кийим-кечеби - баарынын баасы күн сайын өсүп атат. А мамлекет расмий түрдө «4-5 пайызга баалар жогорулады» дейт. Эттин бир килосунун баасы 200-300 сом болсо, азыр 450-500 сомго чыкты. Анан каяктагы 4-5 пайыз?! Эмнеге жаап-жашырышат?

- Өлкө экономиканын күзгүсү – базар эмеспи...

- Туптуура. Базардагы баа - бул республиканын экономикасынын барометри деп аталат. Баа канчалык төмөн болуп, ичинде канчалык продукция, өзгөчө жергиликтүү өндүрүлгөндөр көп болсо, демек экономика өсүп атат, элдин жашоо деңгээли көтөрүлүп жатат дегенди билдирет.

А бизде теңирден тескери. Ошон үчүн өлкөбүздүн экономика жаатында жарытылуу эч нерсе айта албайм.

- Айылчы ага, азыркы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковду канчалык деңгээлде билесиз? Ишмердигине кандай баа бере аласыз?

- Бул өзү мамлекет башына келгидей түрү жок немедей. Баягүнү бюджетти бекитип атканда ойду-тоону сүйлөп, «биз эми эптеп президенттик шайлоого чейин чыдашыбыз керек» дейт. Мына сага беш-бармак! Өкмөт башчы сүйлөй турган сөз эмес да!

Бул баланы апкелген кишилер кимдер экенин, кимдер сунуш кылганын билбейт экем. Эң ириде экономиканы талкалай турган мына ушул жигит! Убагында иштегенин көргөнбүз, билебиз.

Дээрлик деңгээли жок. Бул бала кызматта турганда өлкөбүздүн экономикасы өсуп кетээрине көзүм жетпейт. «Күчтүү кадр керек, билимдүү жаштар келсин!» деп сүйлөп жатып, ошол маалда маселени тескери чече турган адамды өкмөт башына коюп алып, кайра «эми кантебиз»  деп сурайбыз. Мына ушундай парадокс.

- Мындай туңгуюктан чыгуу жолдору барбы?

- Биз өзүбүзгө өзүбүз гана ишенишибиз керек. Сырттан келген кредит, гранттын баары токтоду. Эмнеге дегенде, ошол чет элдик инвесторлорду талап-тоноп, сабап, өрттөп кубалап ийдик. Кайра ошол өлкөгө барып, «биздин карызыбызды кечип койгула» деп суранып жатабыз.

Тоже парадокс! Керек болсо, жинди канадагы жиндилер да жаткан жайын (палатасын) өрттөбөйт. Бизде болсо мамлекеттин үйүн өрттөп, аны менен кошо пайда алып келип жаткан завод-фабрикаларды талкалап, тоо-кен өнөр жай ишин дээрлик жоюп салуу коркунучунда турат.

Жакында угуп калдым, «Аю» көп тармактуу өндүрүш бирикмесин да 50 пайызга чейин жаап салды деп. Канчалаган адамдар жумушсуз калды? Биз жумуш ордун түзгөндун ордуна, жумуш ордун жоготуп жатабыз.

Ички рынокто товарлар азая баштады. Ушулардын баарын эске алып, мындан ары өзүбүздүн айыл-чарбабызды туура жолго салып, колдон келсе күчтөндурүү кажет. Катчылыктан бирден-бир чыгара турган тармак - өзүбүздүн дыйкандар өндүрүп жаткан продукциялар менен рынокту толтуруу абзел.

Мындан тышкары, өзүбүздүн өнөр жайга басым кылганыбыз оң. Убагында жеңил өнөр-жай ИДПнын (ички дүң продукция) 40 пайызын берчү, азыр 12 пайыздан ашпайт. «Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» болуп кетип атат. Муну эмнеге айтып атам? ЖМК аркылуу ушундай маанайда чыккан маалыматты азыр эч ким окуп, көңүл бөлбөй калыптыр.

«Факты менен айткыла» дейт. Фактыны кашкайтып берип атса, кайра ал гезитти же ал журналистти сотко берип, абийирин кетирип, акмагын чыгарып атышат.

Тоже парадокс! Так, ачык маалымат болмоюнча өкмөт эч качан туура чечим кабыл ала албайт. Салык системасын, салык саясатын калыбына келтирүү керек. Бажы системасында тарифтик саясатты өзгөртүү - учурдун талабы болуп турат.

Дүйнөлүк стандарт менен иш алып баруу, экспорт, импорт саясаты бар. Бул жагына да көңүл бөлүп койсо жаман болбос эле. Союз учуруңда «Госплан» деген орган болгон. Азыр коңшу Казакстанда, Россияда бар. Алар алдын ала 5-10 жыл мурункусун белгилеп коёт, «биз мобу тармакты өнүктүрөбүз, бул тармакты жакынкы жылдары мынча пайыз жогору көрсөткүчкө жеткиребиз» деп пландашат.

Бизде андай орган эмес, көлөкөсү да жок. А эң негизгиси, кадрдык туруксуздукту жоюш керек.

Булак: "Азия News" гезити

Последние новости