www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жок эле го, айкөл элдин салтында, 
Башкалардын жеген ашын аңдыган.
Эт жеп койсо, ичи күйүп боздогон, 
Кул мүнөздүү элдер чыкты тантыган. 

Жок эле го, баатыр элдин наркында, 
Башкалардын чыгданына кол салган.
Кыргыз көчү кайда адашып баратат?
Кимдер алар туңгуюкка жол салган?

Жок эле го, кыргыз деген атымда, 
Санак кылган бөтөндөрдүн курсагын. 
Кайда калды Ормон, Шабдан, Алымбек?
Майдаланып маймыл болду урпагың!

Жок эле го, болгон эмес эч качан!
Ичкен ашын ушак кылып жанчыган. 
Болгон эмес тебеленген кыргызда, 
Тиматинин нанын жейм деп самсыган. 

Тиматинин гамбургерин жебептир, 
Каны кыргыз, эт жептир го ханыбыз.
Эт жебеген кыргыз жоктур ааламда, 
Аман болсун Элбашчысы жаныңыз! 

Асейин Саралаев, NazarNews.kg

Последние новости