www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке Эмгек социалдык өнүктүрүү министри У.Т. Кочкоровго К. Р. Башкы Прокурору Ө. Жамшитовго К.Р. ИИМ башчысы К.А. Жунушалиевке К.Р.Жогорку Сотунун Төрайымы Г.Ү. Калиевага Бишкек шаардык соту Кудайбергеновго жана сот коллегиясына К. Р.  Билим берүү министри Г. К. Кудайбердиевага К. Р. Маданият, маалымат жана туризм министри А.К. Жаманкуловго К. Р. Жазуучулар союзунун Төрагасы Н. Калыбековго ЖАЛПЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ Акын Барчынбек Бугубаевдин жесири Жумабаева  Майрамкүлдөн

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Ж.С.Шарипович! Кыргыз элим! 

Мен Жумабаева Майрамкүл www.nazarnews.kg - аркылуу кайрылуумдун себеби акын Барчынбек Бугубаев белгилүү акын болгондуктан жеке жашоосу, үй бүлөлүк турмушу мен жогоруда атап өткөн ар бир тармактын кызматкерлери алаканга салгандай билесиздер. 

Көзүнүн тирүү кезинде күйөмдү арак ичет - деп же анын туура эмес жактары бар- деп эл арасында айткан эместигимди, ал тургай чыгармачылыгына жардамымды берип, журналистик жумушум менен бирге үй кожойке да болуп, базарда да иштеп болгон аракетимди кылганым жөнүндө акын- жазуучулар айтып жатышат. Ыраазычылыгымды билдирем. Ал тургай Октябрь райондук сотко Белгилүү акындар Сүйөркул Тургунбаев, Гүлсайра Момунова, Мамырова Райкул, Тынчтыкбек Урмамбетов, Бурул Карагулова  ж.б белгүлүү, таланттуу акын агай эжелер жана Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын мурунку төрагасы (тирүү кезинде) Эгемберди Эрматов агай Кыргыз элинин адабияты поэзиясы үчүн  акындын жубайы катары “Асман жерге созулган узак баян” аттуу китебин чыгарууга, чыгармачылыгына чоң салымымды кошконумду жазып беришкен. Ошондой эле Жазуучулар cоюзунун Төрагасы Н.Калыбеков агай да сотко Барчынбек жөнүндө күбө кат жазып берген .  

Ошондой эле биринчи аялы Мамытова Кымбаттын Барчынбектин үйүнө да чыгармаларына да мураскер болууга акысы жок - деп бир туугандары  Асанбекова Күмүш, Асанбеков Ийса, Бугубаева Токтокан жазып маалымат булактарына ачык айтып беришкен. Бирок ошого, карабастан 1988 - жылы үйлөнүп 1989 - жылы ажырашып кеткен аялы Мамытова Кымбат, Барчынбектен кийин 2 - күйөгө Ат- Башыга, 3 - жолу Балыкчыга турмушка чыгып эки башка Кыял, Байэл аттуу балдары факт болуп турсада ушунча адамды сыйлабай Барчынбектин мыйзамдуу аялымын үйдү мен салдыргам деп ажырабай калган ЗАГСысына таянып жана тирүү кезинде тогуз айлык кезинен апасы менен кетип таптакыр башка чоңойгон баласы Бугубаев Шамил Барчынбектин тирүү кезинде мас кылдырып үйүбүздү “балама бердим" деп, кол койдуруп алып Барчынбекти үйдөн кубалап сабаганы аз келгенсип талашып жатышат.

Учурда Барчынбекти 2-3- стадиядагы арак ичкенде эчнерсе билбей кол коюп берип койгон – деп ооруканалардын “выпискасы” өзүнүн уялаш бир туугандарынын Асанбеков Жолдошбек афристен башкасы калемдеш айрым достору, кошуналардын күбө каттарынын негизинде экспертизанын жыйынтыгы менен Барчынбекти 2-3 - стадиядагы арак ичкен адам деп таап, арак берип кол койдуруп алганын Барчынбек өзү айткан деп досу Макешов Шаршен агай күбө болуп койдуруп алган колдорун соттон К.К. Абакиров жокко чыгарган. 

Үйдүн үч сотигин сатып алган Сыдыков Таалай өз кызыкчылыгы үчүн Барчынбекке арак берип менин үстүмөн мени Барчынбекке жамандатып жогорудагы мен атаган Министрликтерге Мелис Турганбаевге арыз жаздырып алган. Эми Барчынбек каза болгондон кийин дал ошол арызды Мамытова К. көтөрүп алып  министрликтерге таратып, кыздарымдын келечегине тоскоол болуп жатышат.

Менин сиздерден өтүнөөрүм Мамытова Кымбаттын арызын жана тиркемедеги Барчынбектин арызын жакшылап дыкаттык менен окуңуздар. Себеби Барчынбектин арызында менин фамилиямды бирде “Жумабаева деп жазса бирде, Жийдебаева” - деп жазган жана ал арыз деп башталып аягында макалам – деп бүтүргөн. 

Барчынбектин ушул арызын Сыдыков Таалай Октябрь райондук соту К.К. Абакировго да алып барып бергенде “бул эмне болгон тантырап  баш аягы жок жаздырып алган арызды мага алып келесиң“ - деп Абакиров урушуп делого тиркеткен. Мас кишинин жазганы даана билинип турат. Барчынбек Бугубаевдин акыркы өмүрүндө 11 жыл бирге жашап ысык - суугуна күйгөн аялы Жумабаева Майрамкүлдү жана үч кызынын укугун Мыйзамдуу коргоп, үйүбүздү алып берүңүздөрдү баарыңыздардан өтүнөм.

Чыркырап чындык издеген акындын жубайы Жумабаева Майрам үч кызы. Барэсжан, Каныкей, Гүлназ.

0703 17 87 67 0700 13 12 87

Булак: NazarNews.kg

Последние новости