www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эң күчтүү президенти болгон Курманбек Бакиевдин бул Элдик Курултайдын төрүндө ардактуу аксакал катары отурушу керек болчу. Мындай пикирин журналист Асейин Саралаев билдирди.

Мына саналуу күндөрдөн кийин өлкөбүздүн тарыхындагы экинчи Элдик Курултай башталганы турат. Ал эми өлкөбүздүн тарыхындагы эң биринчи Элдик Курултай мындан 12 жыл мурда экс-президентибиз Курманбек Бакиев тарабынан демилгеленип өткөрүлгөнүн кантип унутабыз? Эң кызыгы биринчи Элдик Курултай өткөргөн убакта, тагыраагы 2010-жылдын март айында Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында болуп көрбөгөн эң жогорку экономикалык көрсөткүч 16,4 пайыз менен катталган болчу. Эгер бийлик менен канды көксөгөн Убактылуу Өкмөттүн бузукулары болбогондо азыр мамлекетибиз Борбор Азияны титиретип турмак экен. Ошондуктан Бакивдин Курултайын жокко чыгарып ураалап жүргөндөрдүн жолу болсун. Албетте Элдик Курултайга кимдер делегат болгонун көрдүк. Биздин Кочкор районундагы делегаттардын арасынан дүжүрлүк боюнча 31 жылдык бай тажрыйбасы бар «Өлбөс Кащейлер» жүргөнүн көрүп, бийлик аралашпаган сүттөй ак тандоо болгонуна аябай ишенип калдым. Бирок кыргыз элинде «жакшы тилек-жарым ырыс» деген жакшы сөз бар эмеспи, мен бул Курултайды жалаң жакшылыкка жооруп, биз көптөн бери күткөн жакшы саамалыктын башаты болсо экен деп күтүп жатам. 
 

Анткени мындан бир топ күн мурда Сузак районундагы жергиликтүү жыйын учурунда болгон окуяны жакшылыктын учкуну катары бааласак болот. Анткени элдин тандоосун, элдин чечимин зомбулук же өкүмзордук менен өзгөртүүгө болбостугун сузактык туугандар далилдеп беришиптир. Сузак районунан шайланышкан делегаттар аталган жыйында; 2022-жылдын 25-ноябрында өткөрүлө турган Элдик Курултайда экс-президент Курманбек Бакиевди мекенибизге алып келүү жөнүндөгү сунушту көтөрүп чыгабыз деген демилгесин райондун акими Баратбек Сыдыкназаров болушунча жаап-жашырып жана ар кандай коркутуулар менен өзгөрткөнгө жана жыйындын чечимдеринен алып салганга аракет кылып бут тосот. Албетте башка аймактан ротация менен келген аким жергиликтүү элдин пикирин тебелеп-тепсебеши керек болчу. Ошентип аким сөрөйдүн кара тилегин таш каап, Сузак элинин Курманбек Салиевичти мекенге алып келүү сунушу протокол менен бекитилиптир. Сузактыктардын бул сунушун коңшу район жана облустардагы делегаттар дагы бир ооздон колдошкон экен. Анткени Курманбек Бакиев башкарган жылдары өлкөбүздө кандай жетишкендиктер жана стабилдүүлүк болгонун баарыбыз билебиз. Негизи Кыргызстандын бардык аймактарында ушул маселе көтөрүлсө туура болмок.

Аз күндө Элдик Курултай башталып өлкөнүн Президенти Садыр Жапаров кайрылуу менен чыгат. Өзү дагы аягына чейин отуруп делегаттардын сунуштарын укса керек. Албетте Сузак районунун делегаттары көтөргөн сунуш сөзсүз айтылат деп ишенем. Мына ошол кезде Кыргызстандын жети дубанынан барган делегаттар бир ооздон сузак элинин демилгесин колдоп бериши керек. Башкасын айтпаганда да азыркы делегаттардын арасында Курманбек Бакиевдин учурунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген бир топ байке-эжелер дагы көзгө урунду. Курманбек Бакиев берген 165 кызматтык унааны арманы жок колдонуп, ошол кезде кызмат абалы он эсе жакшырган, азыр болсо делегат болуп келишкен экс-айыл өкмөттөр эмне дешет болду экен? Айта берсек мындай мисалдар ондоп, жүздөп саналат.

Чын-чынына келгенде беш жыл ичинде: Кыргызстандын бардык тармактарын жана пенсия, айлык акыларын мурда болуп көрбөгөндөй көтөргөн (Трибуна.kg «Азиза Мамытбекова: Менин апам Акаевдин учурунда 670 сом өлчөмүндө пенсия алат эле. Ал эми 2005-жылдын май айынан баштап пенсиясы 4820 сомго көтөрүлдү»), Кызыл-Кыя цемент заводу, Камбар-Ата ГЭСтери сыяктуу ири курулуштарды тыштан каражат албай мамлекеттин акчасы менен курдурган,  Кыргызстандын тарыхында 3 ирет бюджетти профицит менен чыгарган (2022-жылга карата бюджеттин дефицити 31 жылда болуп көрбөгөн 35 миллиард cомду түзөт), Кыргызстандын тарыхында тышкы карыздын суммасын түшүргөн (Бүгүн тышкы карызыбыз 5,2 миллиард долларга жетиптир) Кыргызстандын тарыхында улуттук валюта туруктуу сакталган, Кыргызстандын эң күчтүү президенти болгон Курманбек Бакиевдин бул Элдик Курултайдын төрүндө ардактуу аксакал катары отурушу керек болчу.

Келгиле өз делегаттарыңарга Сузак элинин сунушун колдойлу деп чакырыңыздар! Курманбек Бакиев Ала-Тообузга жогорку сый-урмат менен келиши керек!!!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости