www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асел Ногойбаева зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов абактан уюлдук телефондон кат жазып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал мурдагы жолдошу жазды делген каттарды Instagram’дагы баракчасына жарыялады. Анда ал “абактан качып чыкса болору, башка өлкөгө чыгып кетери” тууралуу да айткан.

Асел Ногойбаеванын адвокаты Индира Саутова №3 абакта жаткан Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага телефон да чалганын, буга чейин да ушундай эле каттарды жазганын айтып, окуя боюнча Атайын прокуратурага арыз бергенин билдирди.

“Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага Instagram’дан, WhatsApp’тан кат жазып абакта телефонду ачык эле колдонуп жатат. Биз бул каттарды коркутуу деп эсептейбиз. Жазасын алып түрмөгө кесилген киши абактан коркутуп жатса мамлекет эркиндиктеги адамдын укугун коргой албай атпайбы. Азамат Эстебесов түрмөдөн эркиндикте жүргөн бирөөгө телефондон тапшырма берип Асел Ногойбаеванын ден соолугуна зыян келтирип койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт”, — деди ал.

Жаза аткаруу кызматы окуя тууралуу комментарий бере элек.

26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кескен. Ошондой эле аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Последние новости