www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нургожоеванын колун сураган жигит Афтандил Сабырбеков кармалды. Аны президенттин пресс катчысы Аскат Алагөзөв таксыктады.

Анын айтымында, «колун суроо» иш чарасынан кийин Афтандил Сабырбеков боюнча маалыматтар топтолду.

«Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт», — дейт Аскат Алагөзөв.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, Афтандил Сабырбеков баңги затты даярдоо жана таркатууга шектелүүдө. Буга чейин ал жигиттин Бишкекте түнкү клубу бар экени кабарланган.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Афтандил Сабырбековдун ата-энеси Екатеринбургда бизнес менен алектенгенин, өзү Орусиянын Тажикстандагы аскер базасында кызмат өтөгөнүн жазган.

Афтандил Сабырбеков 24-июнь күнү Лаззат Нургожоеванын колун суроодо ысырапкорчулукка жол бергени үчүн Садыр Жапаров кечирим суроого аргасыз болгон.

Последние новости