www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чокчо сакалчан, ашкере динчил Акжолтой Тукунов жaкында казино ачууга каршы акцияга чыгып, андан соң башка нааразычылык иш-чараларда жүрөт. Ооба, бизде сөз эркиндиги, демократия бар. Бирок молдо багытындагы адамдын светтик көрүнүштөргө, айрым мыйзамдарга каршы чыкканы кандай?
Дин саясаттан тышкары экени Конституцияда жазылып келет. Экөөнү аралаштырбаш керек. Бизде эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндө ушул жагынан тартип катуу. Өзбекстанда сакалчандар митинг-пикеттерге чыкмак турсун, жашынып иш кылышат эмеспи. Билген жерден милиция кармап кетет, сакалдарын кырдырышат.
А бизде баары аралашып, чалмакейи чалынып баратат. Чечкиндүү, туруктуулукту камсыздаган аракеттер качан көрүлөт? Албетте, сакалды пайгамбар жашына барган абышкалар коё беришсин. Кыргыздын салты ошондой.
Кызыгы, учурда радикалдуу динчилдердин мамлекеттик саясатка аралашып жатканын ИИМ, УКМК кандайча түшүндүрөт? Бул суроого көпчүлүк кызыкдар. Деги эле көп агымдар ээн-эркин жайылып кеткени өкүндүрүүдө...
Булак: Азия News гезити