www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашуулардын абалы тууралуу маалымат берилди

Бүгүн саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк, Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу, Суусамыр – Талас– Тараз унаа жолундагы Өтмөк, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашууларында жана Боом капчыгайында күн бүркөк, каттам бар.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

Последние новости