www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы «Аска-Таш» мемориалдык комплексинде фонтандарды оңдоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.
Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Фучик көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүп жатат.
Долбоордун алкагында фонтандарга комплекстүү оңдоо иштери жүргүзүлүп, ички жана тышкы инженердик тармактар толугу менен жаңыланууда. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер аткарылып, таман таш төшөө, автоматтык сугаруу системасын орнотуу жана башка курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө.
Учурда объектте таман таш төшөө иштери уланууда. Фонтандардын чөйчөктөрү толугу менен бетондолуп, гранит менен капталууда.
Мэриянын маалыматы боюнча, бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Долбоор аяктагандан кийин мемориалдык комплекстин инженердик инфраструктурасы жаңыланып, анын архитектуралык көрүнүшү жакшыртылат.
Курулуш иштерин «Гранд Про» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө.