www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвага кире качкан Акаев «Кумтөрдөн» канча пайда тапкан? «Кумтөрдү» эркелетүү Аскар Акаев президент кезинде эле башталган. Акаевдин демилгеси боюнча кендин акциясынын үчтөн бири бизге тиешелүү болсо, анын да жарымысын дүйнөлүк рынокто Танаевдин өкмөтү арзан баада сатып жиберишкен. Мыйзам боюнча кыргыз мамлекетинде чет мамлекеттен келген компаниялар ким иштесе кирешесинен 10 пайыз салык төлөйт. Салык кызматы текшерип жатканда «Центерра Голд» компаниясы салык төлөбөгөнүн байкаптыр. Келишимдин негизинде биздикилер макул дей беришкен экен. Бул иштин ана башы Акаев болгон. Аскар Акаев капчыгын канадалыктар шыкаган соң, «Ач кулактан, тынч кулак» деп буларга 10 жыл боюу салыктан каникул берип, бошотуп келген. Эми муну эсептесек миллиардаган долларлар жөн эле жатат. Канадалыктарга каршы болгон Насирдин Исановдун көзү өткөн соң өкмөт башчысы Турсунбек Чыңгышев бул идеяны колдоп, «Аңкоолор менен жалкоолор уурдабайт» деп Бирштейндин Швейцариядагы «Вико» компаниясынын директорлор кеңешинин башкармалыгына чектелбеген мөөнөткө мүчөсү болуп шайланат. Апас Жумагулов башка чапса унчукпаган көлүктөй болуп Акаевди колдойт. Аспиранттан өкмөт башчысына жеткен Кубанычбек Жумалиев 9 ай премьерлик учурунда эмнени чечет эле? Жумабек Ибраимов бул маселени чечүүгө үлгүрбөй калат. Качан өкмөт башына Амангелди Муралиев келип бул маселени козгоп 10 жылдан бери салык боюнча каникул алып жүргөн «Кумтөр» мамлекеттик бюджетке тиешелүү салыктарын төлөй баштайт.

Насирдин Исанов Бирнштейндин “Барбаросс планына” каршы чыккан

СССР тараганы энчибизге изилденип,бирок иштетиле элек “Кумтөр” кени калган. Албетте, СССР убагында алтын кен ишканасы курулуп калганда, биздин экономика “атка камчы салдырбай” кетмек. Союз убагында кыргыз экономикасы союздук дотация менен жан багып келген.Чындыгын айтыш керек СССР кыргыздын экономикасын өнүктүрүү үчүн абдан чоң таасир кылган. Ошентсе да башка союздаш республикаларга салыштырмалуу чабалыраак Кыргыз ССРи, Кыргыз Республикасына айланганда колунда “Кумтөрдөн” башка ырыстуу эч нерсеси калбай калган. “Кумтөргө” болсо инвестиция тартып иштетиш керек болгон.Ошол мезгилде “Кумтөр” алтын кенине тендер жарыяланат.Мындай чоң маанилүү зор пайда тушүрө турган обьект ар кимдин көзүн кызарткан. Бөтөнчө атагы алыска кеткен Улуу жазуучу Айтматовдун балдары “Кумтөр”-дегенде ак эткенден так этип калышат. Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар Айтматов Бирнштейн деген ортомчуну таап келет.

Бул Бирнштейн деген балакетиң президент Акаевге куп жагып калат. Арийне, ортодо эл үчүн жанын үрөгөн өкмөт башчысы Насирдин Исанов Бирнштейндин “Барбаросс планына” каршы чыгат.Каршы чыккан кишини “карышкыр жеп коёт”-эмеспи. Исанов да күтүлбөгөн авариядан аркы дүйнөгө узайт. Берки дүйнөдө болсо Акаев “Жалкоолор менен аңкоолор гана уурдабайт”- деген Турсунбек Чыңгышевди өкмөт башына алып келет. “Кумтөр” алтын кенин канадалыктар иштете баштайт.”Кумтөр” алтын кени кыргыз экономикасы үчүн тумар болуп, башка кичи кендерге жол баштап бере турган локомотив боло турган жөнү бар болчу. Бирок, Аскар Акаев башында турган кыргыз бийлиги ушул алтын кенине көз артышып, өздөрүнүн капчыктарын кампайтыш үчүн, ар кандай келишимдерди түзүү үчүн иштеп жаткан“Кумтөрдү” мажбурлап келишти.

Кечээ

Бирштейндин көзүн кызарткан «Кумтөргө» келели. Кыргызстандын кен байлыктарына көзүн арткан «Сиабеконун» артынан өлкөнүн экономикалык айдыңында «Камеко» компаниясы пайда болот. Айрым маалыматтарга караганда, «Кумтөргө» барчу жолдун «арыгын» дал ушул «Сиабеко» чаап келген. Чынында «Камекодон» башка компаниялардан дагы кен байлыкты иштетүү боюнча сунуштар түшүп турган. Маселен, «Грайнберг Продакшн Корпорейшн» компаниясы «Кумтөр» кенин иштетүүдө Кыргызстанга – 80%, фирмага – 20% менен консессияга берүү сунушун билдиришкен.

Аскар Акаевдин ишенимине кирген Бирштейн биздин өлкөбүздөн өзүнүн учагы менен 1 т. 634 кг.31 гр. алтынды ташып чыгып кеткени, коррупциянын башаты болгон. Ошол учурда ар кандай куру убадаларды берип жүрүп, бийликтин «койнуна» киришти билген, алтын өндүрүшүнүн «А»сын билбеген далдалчы-ортомчу Бирштейн кыргыздын бир жарым тоннага жакын алтын күкүмүн тогуз рейс менен Швейцарияга ташып кетүүгө үлгүргөн. Бул баалуу продукция Өкмөттүн макулдугу жок эле, Президент Акаевдин оозеки тапшырмасы менен ташылып кеткен.

Бирштейндин башкы максаты, кандай гана жолдор менен болбосун «Кумтөр» алтын кенин колго алуу болгон. Ал кездеги «легендарлуу» парламенттин комиссиясы иликтеп чыгып, нечен ирет маселе койгон экен. Эч кандай бажы жана башка тийиштүү төлөмдөрүн төлөбөй, менчик учагы менен ташылып кеткен алтындын күкүмү аффинаждалып, Кыргызстанга кайра ташылып келбей, «Сиабекого» таандык «Вико» компаниясы аркылуу Бирштейндин Швейцариядагы «Индосуэц» банкында 1 миллион 634 миң 315 грамм (1 т. 634 кг.31 гр.) алтын сакталат. Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Чынгышев Бирштейндин Швейцариядагы «Вико» компаниясынын директорлор кеңешинин башкармалыгына чектелбеген мөөнөткө мүчөсү болуп шайланат. Эмне үчүн Өкмөт башчысы, болгондо дагы чет өлкөдөгү жеке менчик компаниянын директорлор кеңешинин башкармалыгына мүчө болууга кызыкты экен? Эгемендүү мамлекеттин өкмөтүн башкарган адам, Бирштейндин жеке компаниясынын чиновниги болуп калган. Ошондогу депутаттык комиссиянын тыянагы боюнча ар бир жөнөтүлгөн партиядан алтындын күкүмүнөн 10 кг. жакын алтын дайынсыз жок болгонун тактап чыгышкан.

«Кыргызалтындын» андагы президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Сарыгуловдон: “60 кг. жетпей калганы, бизде тараза иштебей калып, КРАЗдын кузовуна канча батат, ошо менен эсептегенбиз. Разница бар...» - деп кутулуп кеткен. Бул иш боюнча убагында Дастан Сарыгулов баш болгон жетекчилердин бириси дагы жоопкерчиликке тартылган эмес. ЖКнын депутаты Дастан Сарыгулов парламентте маселе көтөрүп, «Камекону» колдобоого чакырат. «Камеко» боюнча Дастан Исламовичтин бул сунушу дагы «суу кечпей» калат. Өкүнүчтүүсү, Дастан мырза арадан эки-үч ай өтүп-өтпөй, Канадага барып келгенден кийин теңирден тескери сүйлөп, кылымдын аферасын колдой баштайт. Ал гана эмес КРАЗдын кузову менен өлчөп чет өлкөгө алтын ташыган Д.Сарыгулов «Кумтөрдөгү» алтын ылгоочу комбинатты курууда канадалык компания долбоордо каралган суммадан бир канча ашык каражат коротконуна кайыл болуп, «көзүн жумуп», Кыргызстанды кошумча 175 600 00 доллар төлөмөр кылып койгон.

Ошентип, «Сиабеко» таптап жүргөн компания Кыргызстанга келет. Аныгы, Премьер-министр Турсунбек Чынгышев Бирштейндин компаниясынын директорлор кеңешинин башкармалыгынын мүчөлүгүнө дайындалгандан кийин 1992-жылдын 4-декабрында «Кумтөр» кенин канадалык «Камеко» фирмасына берүү жөнүндөгү генералдык келишимге Кыргызстандын Өкмөт үйүндө эмес, алыскы Канаданын Торонто шаарында кол коет.

Насирдин Исанов каза болгондон кийин Өкмөт башчылыгына келген Турсунбек Чынгышев өз докладында “Камеко” компаниясын түзүк эле жактайт. 1992-жылы 4-декабрда Торонтодо кол коюлган генералдык келишимдин шарты боюнча, “Продукциянын үчтөн экиси Кыргызстанга, үчтөн бири компанияга калат: проектини аткаруу үчүн керек болгон финансы каражаттары толугу менен фирма тарабынан каржыланат. Бир тыйын дагы республикадан кетпейт, анын ичинен 45 млн. доллары кайра кайтарылган шарттар менен сарп кылынат...» деп көп нерсени убада кылат.

«Камеко» Канадада жайгашкан. Үч өлкөдө –Түштүк Африкада, Австралияда, Канадада «Камеконун» 48% акциясы Канаданын өкмөтүнүкү, 52% жеке компанияныкы. Ушундай ишенимдүү экен. Абдан авторитеттүү, солидный, высокопрофессиональный, анан мунун өзүнүн акчасы бар. Ары-бери акча издебей эле өз акчасын иштетет экен...” - деп байдын кызындай эле мактайт.

Келишимдин “мандемдүү” экени ушул жерде көрүнүп турат. Биринчиден, келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөн. Экинчиден, башка компаниялардын сунушу эске алынган эмес. Тармактык министрликтердин макулдугу, геолог, юрист, экономист жана башка тиешелүү тоо кен адистеринин пикирин эч ким уккан эмес. Башкы келишиге кол коюуга Кыргыз Өкмөтү тарабынан Т.Чынгышев, өнөр жай министри Э. Өмүралиев, анан эксперт катары Акаевдин кеңешчиси еврей Л.Левитан катышкан. Ал эми парламенттик комиссиянын корутундусундагы маалымат боюнча “Камеко”тарабынан Торонто шаарында иштеген кызматы көрсөтүлбөгөн эки адам кол койгон. Мөөрү дагы басылган эмес. Ушундай белгисиз адамдар катышкан шектүү келишим кылым аферасына жол ачып берген.

Алтын кенин иштетүүнү максат кылган Башкы макулдашуу ушинтип эле башынан бузулган. Аны так аткарууну талап кылууга милдеттүү адамдар, тескерисинче, канадалыктарды колдоп жүрүштү. Ошо кездеги Өкмөт башчысы Турсунбек Чынгышевди колу менен «чок карматкан» Аскар Акаев билмексен болуп отурганынын жөнү бар экен, көрсө. Себеби, келишимде каралган «үчтөн эки Кыргызстанга, үчтөн бири «Камекого» тиешелүү» дегени өндүрүлгөн продукция эмес, түшкөн таза пайданын үлүшү экенин көпчүлүк биле берген эмес. Бул жерде депутаттардын дагы башын айландыруу аракети болгон. Ал деле көпкө созулбады. Келишимдин «мандеми» билинип калып, «легендарлуу» парламентте атайын депутаттык комиссия түзүлүп, көптөгөн «былыктарды» сууруп чыга баштаганда, Аскар Акаев демилгени колго алып, парламенттик комиссиядан кутулуунун аргасын табат. Ал парламентте күнөөнү Бирштейнге артып, аны менен кызматташууну токтотконун, ал убадаларын аткарбаганын айтып, чет элдик фирмага ишенип комитет түзгөн катасын мойнуна алат. «Өкмөттүн алтын өндүрүү боюнча программасы жок», деп, Премьер-министр Турсунбек Чынгышевди министрлер кабинети менен кошо кызматынан кетирген. А. Акаев кандайдыр бир себептерге таянып, ар кандай жолдор менен бирине кылмыш ишин козгоп, бирине кызмат, бирине сыйлык берип дегендей, Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу максатына жеткен. Баарынан кызыгы да ошол учурдагы Кыргызстандын Башкы прокурору А. Шаршеналиев Канаданын Торонто шаарына барып, “мандемдүү” келишимди колдоп, бүтүм чыгарып келгени

Чынгышевдин ордуна Өкмөт башчылык кызматка келген Апас Жумагулов, Чынгышев айткан, башкы келишим боюнча өндүргөн алтын продукциясын бөлүштүрүү жомок экенин ачыктап коет. Ошентип, алтын мафиясына «тиш кайраган» Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиядан кутулган Аскар Акаев канадалык компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн Президенттик кызматын болушунча кыянатчылык менен пайдаланган.

Эми келишимдин юридикалык жагына токтололу. Кумтөр кенин иштетүү боюнча эки тараптуу макулдашуу Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөн эмес. Конституцияда “Эл аралык келишимдер Жогорку Кеңеш аркылуу бекитилет” деп жазылып турат. Эл аралык келишимдер боюнча мыйзамдын 11-беренесинде, “мейли менчик, мейли чет элдиктер болсун, тоо кендери боюнча иш кылышса, ал келишимдер Жогорку Кеңештен мыйзам катары ратификациядан өтсүн”, деген талаптар бар. Бирок, Аскар Акаев “легендарлуу” парламентти тараткандан кийин, өзүнүн Жарлыгы менен эки тараптуу келишимди ратификация кылганы бизге маалым. Демек, бул ири долбоор “чу” дегенде эле мыйзам бузуулар менен башталган. Ошондуктан, аны башынан эле криминалдуу, көз боёмочулук, шылуундук жол менен түзүлгөн келишим деп айтууга толук негиз бар.

Бүгүн

«Кумтөр Голд Компаниге» салынган 1 млрд. 166 млн. доллар салыктын таржымалы мындай. 1 млрд. 166 млн. доллар «Кумтөр Голд Компани» «Центеррага» которгон дивиденддерден алынбай калган салык. Мыйзам боюнча Кыргызстанда чет мамлекеттен келген жаран же компания иштеп киреше тапса, кирешени чыгарып баратканда 10 пайыз салык төлөйт. Муну салык инспектору 2017-2018-жылы текшерип жатканда эле байкаптыр. Бирок, «Кумтөр Голд Компани» дивиденддерди «Центеррага» жиберип жатканда салык төлөбөйт. Келишимге «ички акча жүгүртүүлөр», «үчүнчү жак» деп жазып койгон экен, ошого таянып төлөбөй келген.

Биздикилер «макул» дей берген экен. Ал эми Канададан «Центерра» компаниясы «Кыргызалтындын» 26 пайыз акциясы үчүн 84 млн. доллар дивиденд төлөгөндө 5 пайыз салык кармап калыптыр. Салык инспектору Кыргызстандагы «Кумтөр Голд» компани силерге дивиденд которгондо салык кармабайбыз, силер кожоюнуңар «Кыргызалтынга» дивиденд берсе салык кармайсыңар деп 10 пайыз салык боюнча акт жазыптыр. «Кумтөр Голд Компани» 1 млрд. 328 млн. доллар дивидендди Торонтого «Центеррага» которгон экен. Ошого 10 пайыз салыкты салдык. Ал 138 млн. доллар болот, ага үстөк жана айып пулдарды кошкондо 1 млрд. 166 млн. доллар. Салык инспекциясынын текшерүүсү бүттү. 17-майда актыны «Кумтөр Голд Компаниге» берилди. Макул болсоңор төлөп бергиле, болбосо сотко кайрылгыла дедик».

Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Министрлер кабинети 17-майда «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу киргизип, алтын кендеги өндүрүштү көзөмөлүнө алды.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. «Центерра Голд» компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүн эл аралык сотто тилеке каршы утат. Анткени, эл аралык арбитражда соттор, саясаттка баш ийбейт жалаң эл аралык келишимдерди эске алат. Ошон үчүн аталган компания өзүнө ишенип, сотко берди. «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүн чоң финансылык чыгымдарга мажбурлап өздөрүнүн ыгына көндүрүүгө аракет кылат. Айтор, түрдүү сүйлөшүүлөр, түрдүү ыкмалар орун алат. «Центерра Голд» компаниясы өздөрүнө каршы чыккан бийликти кетирүүгө аракет кылып, бийлик көзүнөн учкан топту каржылап, бийликти алмаштырууга аракет кыла баштары анык.

Бүгүн салык төлөө боюнча актыны компанияга өткөрүп бердик. Жетекчилерден бири жок, баары өлкөдөн чыгып кетишкен экен. Актыны каражат боюнча иштеген кызматкерлерге тапшырдык. Экология боюнча коюлган айып талашсыз. Биринчи деңгээлдеги сот чечим чыгарып берди. Экинчи инстанцияда дагы даярданып жатабыз. Сотко Кыргыз жарандары берип жатат. Жалпы доонун көлөмү 4,2 миллиард доллардан ашты.

Эртең

Келечегибиз бүдөмүк.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости