www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирди. Анын пикири компаниянын расмий сайтына жарыяланды.

Перри Кыргызстандын бийлиги келишимдерди бузуу менен "Кумтөрдү" басып алды деген позицияны карманууда.

"Биз мурдагыдай эле Кыргызстандын өкмөтү менен талаш жараткан маселе боюнча конструктивдүү диалогго барууга макулбуз жана даярбыз. Ошол эле учурда өкмөттүн душмандашкан кадамдары Centerra ишканасынын кызыкчылыгын жана акционерлердин мыйзамдуу каражатын коргоону улантуудан башка тандоону бербей жатат", — деп айткан Перри.

Мындан сырткары, президент кыргыз өкмөтү өзүнө алганга чейин коопсуздук, мониторинг жана эксплуатация боюнча бардык системалар өз нугунда иштеп жатканын айткан.

"Centerra бир дагы системаны өчүргөн эмес, алтын кени үзгүлтүксүз иштеп жаткан", — деди Перри.

Белгилей кетсек, мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинде мөңгүнүн коопсуздугуна жана алардын жылып турганына көз салган система 15-майда өчүрүлүп калганын айткан. Ошондой эле ишкананын операциялык системалары иштен чыгып, калыбына келтирүү үчүн IT-компаниялар тартылганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости