Аскар Акаев Нобель сыйлыгын алам деп Чыңгыз Айтматовго кантип бут тоскон?
Кыска-нуска  |   |  7393

Нобель сыйлыгы боюнча  4 параграфта көзү өткөн адамдарга бул сыйлык ыйгарылбайт. Чыңгыз Айтматов 1989-жылы бул сыйлыкка номинант болгон, аны Стокгольмдан куттуктай баштаганда, Берлин дубалы урап, Европалык социалисттик мамлекеттик демократия жолоуна түшүп,бул сыйлыкты СССРдин президенти Горбачевко ыраа көрүшөт. Бир мамлекеттен, бир гана адам ала турган болгондуктан Айтматов кийинки жылга жылдырылат. 1990 – жылы бийликке Акаев келет, ал эми 1991-жылы СССР тарап Кыргызстан згемендүү мамлекетке айланат. Кыргызстанды демократия аралчасына айлантып салдым деп, Акаев да Рузьвельт, Горбачев, Лех Валенса,Мандела Нельсон алган Нобель сыйлыгына өзүн татыктуу сезип калат. Ошондуктан, бул сыйлыкка негизги талапкер Чыңгыз Айтматовду ар кандай себептер менен «тепкиге» алыш керек эле? Анын кошоматчылары муну оңой эле аткарышат. Чыңгыз Айтматов  Кыргызстанды жеш үчүн жаралган Бирнштейнди таап келип, президент Акаевдин жөн гана аткаруучусуна айлана баштайт. Швеция демократия жолуна түшкөн эң салабаттуу мамлекет, ошондуктан Борбор Азиянын авторитардык мамлекеттерин көп жактырбай, Акаевдин «экинчи Швейцария» болобуз деген идеясын жакшы маанайда кабыл алат. Ошондуктан, Акаевди өзүнө чакырат. Акаев Швецияга иш сапарына чыкканда көксөгөн максаттарынын бири Борбор Азиядагы эң демократиялуу мамлекет катары өзүн таанытып Нобель сыйлыгына номинант болуу болгон. Кыргызстандын демократиясын жогору баалашкан Стокгольмда улуу урматтуу Швециянын  королу менен жолугушуу да пландалган. Буга чейин бардык иштер элчилик аркылуу чечилип жаткандыктан, өзүн Нобель сыйлыгына көрсөтүү үчүн табылгыс убакыт табылган.   

Иш сапарын мындай кылып бөлүштүұргөн, күндүн биринчи жарымында официалдуу жолугушуулар болот, андан соң саясий клубдарда Акаев мамлекетти кантип демократиялаштыруу боюнча доклад жасайт, андан соң Нобель сыйлыгын тапшыра турган швециялык Академиянын анык мүчөлөрү же академиктеринин алдында академик Акаев сөз менен чыгып сүйлөп, өзүн-өзү даңазалайт. Албетте, академиктерге жагыш керек, андан соң Швециянын королунун аудиенциясы болот.  Ошол иш сапарында адаттагыдай анын жубайы Майрам Акаева коштоп барган. «Мээрим» фондунун жетекчиси катары Майрам Акаева Нобель фонду менен иш алып барып, президент Акаевдин Нобель сыйлыгына кантип көрсөтүүнү талкуулап жаткан. Анткени, Акаевди Нобель сыйлыгына көрсөтүүнүн демилгечиси Майрам Акаева болгон.

Нобель сыйлыгын тапшыра турган швециялык Академиянын академиктери менен 2 саат гана бөлүнгөн. Бирок, Акаев тырышып жатып  4 саат 30 мүнөткө узарткан. Кечинде швециялык король аны менен жолугушууга 30 гана мүнөт бөлгөн. Акаев да өжөрлөнүп жатып бул жерде да убакытты чоюп, өзү менен демократияны даңазалоо үчүн 2 жарым саат какшаган.

Бирок, король өзү мойнуна алгандай, Акаевге Борбор Азияда демократиялык аралча кургандыгы үчүн Нобель сыйлыгын берүүнү каалап турганы менен, бул маселени чечүүнү швециялык Академиянын академиктери чече тургандарын баса айткан. Ал жерде Акаев ойлогондой коррупциялык жол менен бул маселе чечилбеси белгилүү.Кыргызстанда кандай сыйлык болбосун Аскар Акаев чече турган болсо ал сыйлык ошого бериле турган. Швециянын королу бул Нобель сыйлыгын бере турган академиктердин ишине кийлигишпейт экен.»Талашканга таш да жок» деп Аскар Акаевдин Нобель сыйлыгын алам деп жутунганынан улам, жок дегенде дүйнөлүк алап Чыңгыз Айтматов да сыйлыктан куру калган.

Орусчадан которуп даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями