www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анкара: Орхан Инандыны 22 жылга эркинен ажыратуу сунушталды

Анкара Башкы прокуратурасы ФЕТӨнүн Орто Азиядагы башчысы Орхан Инанды «куралдуу террордук уюмду башкарган» деген айып менен сотко берип, 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Фетуллахчы террордук уюмдун (ФЕТӨ) Борбор Азиядагы башчысы Орхан Инандыга каршы «куралдуу террордук уюмду башкаруу» беренеси боюнча иш козголгон.

Анкара Башкы прокуратурасынын билдирүүсүнө ылайык, Террористтик Кылмыштарды Тергөө Бюросу тарабынан даярдалган айыптоо корутундусу жогорку кылмыш сотуна жөнөтүлдү.

Айыптоо корутундусунда, Инандыга «куралдуу террордук уюмду башкаруу» деген айып менен 15 жылдан 22 жыл 6 айга чейин түрмө жазасы талап кылынган.

Эске сала кетсек, «Сапат» (мурунку «Себат») кыргыз-түрк мектептер тармагынын президенти Орхан Инанды 31-май күнү кечинде байланышка чыкпай калган. Таңкы саат төрттөр чамасында анын унаасы Малдыбаев көчөсүнөн табылган.

Орхан Инандыны Түркияга алып кетишкенин түрк маалымат каражаттары 5-июлда президент Рейжеп Тайип Эрдоганга шилтеме берүү менен жазып чыгышты. «TRT Haber» каналынын маалыматына ылайык, Эрдоган бул тууралуу Министрлер кабинетинин отурумунан кийин айтты.

Анын айтымында, «ФЕТОнун жогорку лидерлери деп аталган адамдардын бири» кармалып, Түркияга жеткирилген. Операцияны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму жүргүзгөн.

«Биздин өлкөгө ФЕТОнун Борбор Азиядагы башкы директору Орхан Инанды алынып келди», - деген Эрдоган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости