www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындай пикирин Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев "Азия news" басылмасына берген маегинде билдирди.
Анда ал эгемендүү Кыргызстандын алгачкы жылдарында сырттан канча акча карыз алгандыгы, канчасы кечирилгени, кандайча 2005-жылдын күзүндө Кыргызстанды тышкы карыздардан толук кутулта ала турган пландары болгону тууралуу кеп салат.
"Эгемен Кыргызстандын алгачкы 14 жылында (өтө оор мезгилде) чет жактан биз 1,8 млрд. доллар карыз алганбыз. Анын 550 млн. доллары 2005-жылдын башында кредиторлордун Париж клубу тарабынан кечирилген. Ал эми 600 млн. доллар резерв катары Нью-Йорк шаарында банкта сакталып турган. Демек, 2005-жылы март айына карата Кыргызстандын тышкы карызы болгону 650 млн. долларды түзгөн! Бул - «Акаев өлкөнү 2 млрд. доллар карызга батырып кетти» деп элге жалган маалымат таратып жүргөн оппоненттериме менин жообум. Белгилей кетүүчү жагдай, биз алган кредиттер 40 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыз үстөк менен болчу. Ал эми учурда Кыргызстандын карызы 4,5 млрд. доллардан ашты. Анын ичинен 7 млрд. доллары Кытай банкынан 20 жылга 3 пайыз үстөгү менен алынып, ага коомчулук тынчызданып келе жатканы жалпыга маалым.
Айта кетсем, 2005-жылы кредиторлордун Париж клубу менен сүйлөшүүлөр уланып жаткан. Эгерде, 24-мартта төңкөрүш болбогондо, анда күзүндө Кыргызстанды бир да доллар тышкы карызы жок өлкө катары кийинки президентке өткөрүп кетмекмин. Тилекке каршы, бул ой-тилегиме, максатыма жетпей, өкүнүчтө калдым", - деп айтат Акаев аталган басылмага.
Булак: NazarNews.kg