www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулган жок. Бул тууралуу анын жактоочусу Айбек Самарбеков жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Анын айтымында, Акаевге Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал боюнча кылмыш иши козголгон.
«Бул ишке тиешеси бар бардык адамдар сыяктуу эле А.Акаев да сурак берип жатат. Аскар Акаев тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берип жатат, бирок ага карата козголгон кылмыш ишин токтотуу маселеси жок. Тергөө иштери уланууда», - деди ал.
Ошол эле учурда Самарбеков белгилегендей, Акаевге карата эч кандай чектөө жок. Ал өлкө ичинде эркин жүрө алат.
Эске салсак, Аскар Акаев Кыргызстанга экинчи ирет уулу Илим менен 14-декабрда да Кумтөр ишине байланыштуу көрсөтмө берүү үчүн келген.
Булак: NazarNews.kg