www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- «Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер алыстап баратат» деген сөздөр акыркы кездери көп айтылууда. Мунун чыгышына эмнелер себеп болду, деги канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Акыркы каргашалуу окуялардан соң, тактап айтканда, Тажикстандын бизге карата атайын армиялык операция өткөргөнү – биздин коомчулуктун көп нерсеге көзүн ача баштады. Ириде Рахмон өз алдынча Москваны аттап, ушул кадамга бара алабы деген суроо турат.

Экинчиден, бул окуяларга Кремлдин кайдыгер көз карашта болгону, канчалык бир деңгээлде Тажикстанга карата жылуу мамилесин билдирет. Ушунун баары Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө күмөн жаратып, чоң сокку урду.

Мындан сырткары, ОДКБ уюмунун такыр эле көңүл бурбастан, жөн эле билдирүү жасап четте турганы жогорудагы сөздөрдүн чыгышына себеп болду. Анткени бул уюмду Москва башкарганы белгилүү. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан бул уюмдун мүчөлөрү.

- Американын базасынын Кыргызстанда жайгашып калуусунун ыктымалдуулугу барбы? Эгер андай болсо, кандай артыкчылыктар менен кемчиликтер орун алышы мүмкүн?

- Теория боюнча мындай мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, бул турмушта ишке ашпай турган нерсе. Биздикилер Орусиянын уруксаты жок мындай кадамга эч качан барбайт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости