www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоодо мамлекеттин, жаштардын келечеги үчүн кайдыгер карабай сөзсүз өз тандооңдузду жасашыңыз керек! Мындай пикирин Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кайдыгер болбо! Кыргызстан эгемендикке жеткенине туура 30 жыл толду. Бирок канча аракет көрүлбөсүн, өлкөнүн экономикасы алдыга жылбаганы жылбаган, ал эми ууру, коррупционерлердин аягы суюлбай келет. Эмнеге элибиз өнүгүү жолуна чечкиндүү кадам таштай албай жатат? Мунун бардыгы багытыбыздын түз эместигиненби?

Урматтуу мекендештер, элге бакубат шартты түзүү мамлекеттин кыймылдаткыч күчтөрү болгон - адам ресурстарынан көз каранды.

Биз соңку мезгилде дээрлик жыл сайын ушул кыймылдаткыч күч болуп бере ала турган адамдарды тандай алдык. Бирок ойубуздай болдубу? Биз күткөн үмүттөр аткарылдыбы? Сиз тандап шайлаган инсан бул - сиздин, үй-бүлөңүздүн жана жакындарыңыздын, эң башкысы мамлекеттин тагдырын чечүүгө түз таасир этеринен калет жок.

Ошондуктан, шайлоодо мамлекеттин, жаштардын келечеги үчүн кайдыгер карабай сөзсүз өз тандооңдузду жасашыңыз керек! Мамлекетти мамлекет кылып турган бул - эл. Андан өткөн байлык жок. Кыргыз эли саясий турмушка жигердүү катышып, партиялардын же талапкерлердин программаларын билгилик менен талкуулап добушун бергенде, мамлекетке зыян келтирер чечимдерге чечкиндүү каршы турмак.

Бирок иш жүзүндө кайдыгерлик менен «менин добушум эмнени чечмек» эле дегендер жок эмес. Дал ошолордун добуштары кайсы бир партиянын кызыкчылыктарына пайдаланылып кетип жатат. Кайдырлегиңиз - өз кызыкчылыгыңыздан ажыроо жана сиздин айланадагыларга жасаган пассивдүү мамилеңиз.

Ишеним жана үмүтүңүз болсо, жарандык аң-сезим менен шайлоого катышып, өлкө келечегине кайдыгер карабоого чакырам! Бир добуш да дүйнөнү өзгөртөт. Күчтүү мамлекетти калыптандыруу үчүн - шайлоодо өз сөзүн эркин айткан элдин эрки керек», - деп белгилеген Бешимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости