www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого катышам деп оолугуп жаткандардын бири камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Кой-Таш окуясы боюнча сот процессинен кийин, тизменин башына туруп, парламенттик шайлоого катышарын божурап берди. Кеп, тизменин башында эмес, ал президент кезинде СДПК партиясы “биттен сүт саап, бүргөдөн жүн кыркып” дайыма биринчи келчү. Эми аны тизменин башына койо турган партия парламентке келеби? Атамбаев камалгандан бери президент алмашты, эгер ал ак болсо бошотулат эле. Алмазбек Атамбаевге мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда жалпы беш кылмыш иши козголгон. "Батукаев иши" боюнча Атамбаевдин сот өкүмү 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилген. Бирок Атамбаевге жаңы кылмыш иштери козголду. Өткөн апталарда Ички иштер министрлиги 5-6-9-октябрдагы башаламандык боюнча Атамбаевге кылмыш иши тууралуу билдирме тапшырып, 10 түрк жаранына кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш ишинин айыбын угузган.

2017-жылдын августтун башында президент Жээнбеков Ысык-Көлгө эс алууга кетет. 7-август күнү кечки саат 8-де Атамбаев жайгашкан хансарайды 1917-жылы 7-ноябрда Кышкы сарайды штурмалаганга алгандай, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев менен УКМК жетекчиси Опумбаев башында тургандар штурмалай баштайт. Бул штурм оңой баага турган жок, бир адам чыгымга учурап, бир топ адамдар жаракат алышат. 8-августта эс алууда жүргөн президент кайтып келип тиешелүү адамдар менен жыйын өткөзүп, 8-августта бул иш тамамдалат. Натыйжасы, Кой-Таш Элдик Республикасы тарайт, Атамбаев камалат, Атамбаевдин аркасы менен бекер эт жеп жүргөндөр анын Кой-таштагы үйүн талап-тоноп, мародерлук кылып кетет. Эми Кой-Таш окуясына ким күнөөлүү экенин атайын сот процесси болуп жатат.  

2019-жылдын 12-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча кармалган саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы каралып, сот аны тергөө бүткөнгө чейин эки айга камоо чечимин чыгарган. Ал башаламандыктан пайдаланып бошонуп, кайра камакка алынган. Андагы барымтага алуу жана башаламандык боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов баш болгон бир нече адам кармалып, камакка алынган. 

2020-жылдын апрель айынан бери ар кандай себептер менен улам артка жылдырылып келген Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс Биринчи май райондук сотунда карала баштады. Сот залына бул иш боюнча айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, саясатчы Равшан Жээнбеков алынып келди. 20-сентябрга белгиленген сот отуруму айыпталуучулар, жабырлануучулар жана адвокаттар толук келбегендиктен 27-сентябрга жылдырылган эле.

2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш ишинде Атамбаев, Ниязов, Жээнбековдон сырткары депутаттар Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев баштаган ондон ашык киши айыпталууда.

Ар бир мамлекет башчысы командасы менен келет. АКШдабы, Орусиядабы “ключевый посттордо” бийлик башынын ишенген кишилери турат. Атамбаевдин башкы таарынычы жогорку кызматтарда менин кишим болот, мыйзам боюнча кызматтарды өкмөт башчысы чечет, президент болсо “Англия королевасы” деңгээлине наам, сыйлыктарын берип жүрө берсин сыяктуу. Муну Назарбаев куп пайдаланды, анткени “Нур-Отанга” башка партиялар караандабайт, аны жетектеди, Коопсуздук Кеңешин алды, президенттен кетти, бирок бир топ эл аралык уюмдарга президент болду.

Атамбаев менен бийлик ортосун эмнеге “кара мышык” аралап кеткен? Кыргыз элинде жакшы салттар бар эле, эки эр чатакташа кетсе, ортосуна аксакалдар түшө калып жараштырып коюшчу. Бүгүнкү жөнөкөй аксакалдарды теңсинбей эч ким укпайт, ал эми атка минер аксакалдар “дүжүр чалдарга” айланышкан. “Дүжүр чалдар” жышма болуп алышкан, ошондуктан экөөнө калыстыкты айткандын ордуна кайра бири-бирине кайраштырып, жышып келишти. Эң эле өкүнүчтүүсү ушул. Атамбаев - Жээнбеков тандеми 2017-жылы президенттик шайлоодо бирге чыгышып, ошол мезгилде  Бабанов бул тандемге каршы чыгып 30 пайыздан ооп кеткен. Мындай КМШда болгон 1995-жылы Ельциндин атаандашы Зюганов  30 пайыздан ооп кетип, Ельцин үчүнчү чыккан Лебедди кошуп алып, араң экинчи турда чыккан.

Атамбаев - Жээнбеков тандеми биринчи турда жеңишке жетишти. Жээнбеков президенттик инаугурацияга чейин да, президенттик инаугурацияда да, ал эмес кийинки жылдын апрелине чейин Атамбаевге унчуккан эмес. Арийне, бийлик өзгөрүлбөй кала берген. 2016-жылдагы референдумда өзгөртүлгөн Башмыйзам боюнча өкмөт башчысы фракция жетекчиси менен биригип кызмат ордун дайындайт, ал эми президент 3 күн мөөнөттө кол койот. 3 күн мөөнөттө кол койсо да, кол койбосо да мыйзам күчүнө кирет. Бул акыры президентти “Англия королевасы” деңгээлине түшүрмөк, “Англия королевасы” да түбөлүктүү, королева Елизавета экинчи 1953-жылдын 2-июнунан бери Англиянын королевасы. Арийне, анын укуктары чектелген, элчилерди кабыл алат, сыйлык, наамдарды берет, премьер-министр кабыл алган мыйзамдарга кол койот. Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча кааласа импичмент менен жок кылмак. Анткени, парламент деле бийлик кимде болсо ошого ооп кетмек.

 Жээнбековго президент катары мамлекетте стабилдүүлүк “суудай” керек болгон. Кантип эле мурунку президент Атамбаев оппозицияга өтүп алып чуру-чуу түшүрүп жатканын кааласын. Эгер Атамбаев өз макамы менен жүрө берсе, ага ким тийишмек эле. Атамбаевге да Жээнбеков менен жакшы мамиледе калып ШКУ, ЕАЭС сыяктуу эл аралык саммит Бишкекте болгондо, Казакстандын мурунку президенти Назарбаевдей жыйынга ардактуу мейман катары катышып турса, же Путинге окшогон мурунку кызматташтары  иш сапары менен келип калса протоколу жок 1-2 саатка божурашып алса болмок. Атамбаевге андай возуйпа тагылган жок, ШКУ саммити Бишкекте өттө, мурунку “бир сындырым нанды тең бөлө жешкен” кесиптештери Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкиси келбей Атамбаевге жолугушуудан оолакташты.

Биздин мамлекетте президенттен кеткен адам саясий уюмдарды жетектөөгө мыйзам жол бербейт, Атамбаев президенттен кеткен соң мамлекеттин иштерине киришпей, сый гана четтеп, сыртынан карап турса мынчалыкка жетмек эмес. “Эки дөө кагышса, ортодо кара чымын өлөт” –деген кеп бар, бизде “кара чымындар” өлгөн жок, “кара чымындар” гүлдөдү:

1.  “Кара чымындардын” эки президенттин достугу эмес, кастыгы майдай жагып турган. Бул экөө биримдиктүү оокат кылганда  “кара чымындарга” бийлик тараптан орун жок эле, ошондуктан экөөнү бири –бирине жамандап жатышып, мансап да алышты, бири Жээнбековго, бири Атамбаевге жакындашты.

2. “Кара чымындардын” арасында ар кандай себеп менен Атамбаевдик бийликтен запкы жегендер, куугунтукталгандар бар эле, булар жаңы бийликке жакындашты.

3. Атамбаевдин оппозицияны оп тартып жетектегенге тажырыйбасы бар. Анын үстүндө кыргыз эли эч натыйжа чыкпай кайра-кайра  бийлик алмаша бергенден тажап бүтүштү. Оппозицияга келерки бийликтен мансап үмүт эткен саясатчылар, ОБОНчулар, азыркы бийликке тескери көз караштагы журналисттер, акча алгандар гана кошулуп, мурункудай  кыргыздын бийликте жок карапайым эли бул экөөнүн тирешип тургандарын көп жактырган жок. Бирок куугунтукталган адамдын эл арасында баркы көтөрүлөт. Атамбаев деле учурунда бийликке каршы чогуу жетелешип жүргөндөрүн бийлик башына келгенде эмне кылды, ал аны бийликке жетелеп келгендерди жанчып, соттоп, камап, акча дегенде көздөэрү тунарган “балашкалардан” команда түзгүсү келген,бирок, башына күн түшөр менен алгач ошол “балашкалар” сатып кетти.

4. Атамбаев менен Жээнбековдун жаатташып турганынын зыянын эл тартты. Себеби улам –улам чыр боло берип мамлекеттин кызыкчылыгынан, жеке кызыкчылыктар көбүрөөк маанилүү боло баштаган.

5. Элге аймактардын ортосунда карама-каршылыктын деле кереги жок. Бирок эки лидердин эки аймактан чыгышы “Түндүк-Түштүк” маселесине да таасирин тийгизип турат.

6. “Кара чымындарга” деле жаман болгон, себеби алдастап калышты. Мурун эки тарапта тең жүрүп, бирине-бирин кайраштырып турса, эми бир тарабына гана барбаса уят болуп калат. Кээ бирөө азыр Жээнбековдун колтугунда күн көрүп жатат. Бирок, бийлик да түбөлүк эмес, муну кечээ эле мамлекетти сөөмөйү менен чимирип турган Атамбаев көрсөтүп жатат. Көрсө, бийликтен түшкөн адам, өзүн “бечара” сезип калат окшойт.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости