www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөрдү» алуу мыйзамдуу иш болду деп эсептейм», - деди бүгүн, 28-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.
- Качкын агай, «Кумтөр» кени боюнча имиштердин аягы үзүлө элек. «Кумтөрдү» мамлекеттин эсебине алып, калпыстыкка жол берип алдыкпы?
- «Кумтөрдөгү» ачуу чындыктарды Садыр Жапаров депутат кезинде эле айтып чыккан. Президент болгондон кийин «Кумтөрдү» мамлекеттин карамагына алды. Мен бул жерден катачылыкка жол берилди деп айталбайм. «Кумтөрдү» алуу мыйзамдуу иш болду деп эсептейм.
Анткени, мурунтан эле Ак үйдөгү премьер-министр, президенттер коррупцияга аралашып, «Центерра» кол бала кылып алганы эчактан бери эле билинип келген.
Буюрса, эл аралык сотто деле биз жеңебиз. Себеби, мамлекеттин даражалуу кызматта иштегендери да акчага алданганы ачык эле көрүнүп турат.
Булак: NazarNews.kg