www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министри Аскар Жаныбеков балык ишкери Илгиз Сарылдык уулунун дооматтары боюнча пикирин билдирди.

Министрдин айтымында, Илгиз Сарылдык уулу айтып жаткан 975 млн 396 миң сом Айыл чарба министрлигине эч кандай тиешеси жок.

«Балык ишкери Илгиз Сарылдык уулуна эч кандай куугунтук болгон жок. Болгону 2 жолу көрүшкөнбүз, чарбасын текшере келгенде мыйзам бузуулар болгон, штрафтар салынган. Азыр жалпы Чүй облусунда пландык текшерүү жүрүп жатат. Эмнеге даттанып жатканынан түшүнүү кыйын. Илгиз Сарылдык уулу айтып жаткан 975 млн 396 миң сом Айыл чарба министрлигине эч кандай тиешеси жок. Аны ӨКМ КР жер семирткичтерди деп Матрезервге деп болгон, ишкер өкмөттүн токтомун жана тескемени жакшылап окуп алса болмок экен

Былтыр 17 балык чарбасы текшерилип, мыйзам бузуулар табылган. Министрлик көзөмөлдү күчөтүп, Балык чарбасынын ассоциациясы түзүлдү. Мындай текшерүүлөр Илгиз Сарылдык уулу сыяктуу балык ишкерлерине жакпай калды көрүнөт, негизсиз даттанууда», - деп билдирген министр Жаныбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости