www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык фермерлердин малды массалык союусуна таптакыр негиз жок. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, фермерлер тарабынан малдын массалык союулушу байкалбайт.
"Биз тоюттун бардык түрүнө КНСти нөлгө түшүргөнбүз, бул ички рыноктогу көлөмгө жана алардын бааларына дароо таасир этти. Азыр арпа жана буудайдын баасы 25%га түшүп, ушул деңгээлде кармалып турат. Саман, чөптөн тышкары, базарда тоюттун көлөмү жетиштүү. Ал эми бул тоюттун, малдын же малчылар өндүргөн продукциянын айланасында дүрбөлөңгө түшпөш керек.
Фермерлер малды массалык түрдө союушуп, этин сатып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Сатууга коюлган айыл чарба жаныбарларынын санынын сезондук өзгөрүүсү байкалууда, күз айларында бул дайыма байкалып, сатуудагы малдын саны көбөйөт", - деди министр.
Булак: NazarNews.kg