www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан жүргүзүлүп жатат делген, акчалай төлөмдөр убада кылынган ар кандай сурамжылоолорго байланыштуу жалган маалыматтар жана шилтемелер таратылууда. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Анын айтымында, Мамлекет башчысы эч качан мындай билдирүүлөрдү жайылтпайт жана шектүү интернет-акциялар аркылуу акча таратпайт. Бул көрүнүш кадимки эле алдамчылык экендиги расмий түрдө белгиленет.
Ушуга байланыштуу жарандарга өзгөчө сак болуу эскертилет:
— белгисиз шилтемелерди ачпоого;
— жеке маалыматтарды, банк карталарынын реквизиттерин жана телефон номерлерин алдамчыларга бербөөгө;
— мамлекеттин атынан берилет делген жалган төлөмдөргө ишенбөөгө чакырабыз.
Ошондой эле бул алдамчылык схемасы тууралуу туугандарды жана жакындарды алдын ала эскертип коюу сунушталат. Расмий булактардан гана алынган маалыматтарга ишенүү зарыл.
Белгилей кетсек, бул факт боюнча укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү текшерүү жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө, — деп кошумчалады Аскат Алагозов.