www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскат Жетиген: Кыйноо УКМКда болгон

Бүгүн, 28-майда Свердлов райондук сотунда акын, активист Аскат Жетигендин ишин кароо улантылды. Ал «бийликти басып алууга чакырыктар» жана«массалык баш аламандыктарга чакырыктар» беренелери боюнча айыпталууда.

Бүгүнкү соттук отурумда иштин материалдары менен таанышуу болду.

Отурум аяктагандан кийин Аскат Жетиген журналисттердин суроосуна жооп берип, «№1 тергөө абагында кыйноо болгон эмес» деген билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди. Акындын айтымында, жергиликтүү басылмаларга ал «№1 тергөө абагында кыйноого кабылган» деген туура эмес маалымат чыгып калган. Ага байланыштуу тергөө абагынын кызматкерлери, жетекчилиги «алар тарабынан кыйноо» болбогону боюнча билдирүү жасоосун өтүнгөн. Аскат Жетиген маалымат туура эмес тарагандыктан күнөөсүз адамдар жабыркап калбашы үчүн видеого тартылып, түшүндүрмө берген. Аскат Жетиген билдиргендей, ал №1 тергөө абагында эмес, УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын имаратында кыйноого кабылган.

«Кыйноо УКМКда болгон. Мени УКМКнын шаардык мекемесинде бир сааттай ток менен кыйнашкан. Алар (кыйноо көрсөткөндөр) беткапчан болчу. №1 тергөө абагынын кызматкерлери кыйноо көрсөткөн эмес», — деди ал.

Эскерте кетсек, 23-майдагы соттук отурумда Аскат Жетиген кыйноого кабылганы тууралуу билдирүү жасаган. Бирок анын билдирүүсүн Жазаларды аткаруу кызматы төгүндөп, акындын тушүндүрмө тартылган видеосу менен бөлүшкөн. Мындан улам коомчулукта «Аскат Жетиген кыйноого кабылганы тууралуу жалган айтты» деген сындар айтылган. Бирок соттук отурумда ал УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын жертөлөсүндө кыйноого кабылганын билдирген.

Учурда анын кыйноо тууралуу арызы боюнча Аскердик прокуратура иликтөө жүргүзүүдө. Акындын билдирүүсү боюнча УКМК үн ката элек.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости