www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик келет, сөз эркиндиги Кыргызстанда дайыма болуп келген, мындан ары да боло берет. Мындай пикирин журналист Аскер Сакыбаева өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Кыргыз бийлигине, айрым катмарга эч нерсе сабак болбойт экен, капырай! Азыр «Азаттык», «Клооп», «Кактус» жабылсын деген кыйкырыктар Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында деле болуп келген.
Акаевдин бийлиги убагында мен иштеген «Асабаны» жабыш үчүн эчен айла амалдарды жасаган. Салык кызматын тукурган, далай аткаминерлерге сотко бердирген, ар кандай айла-амал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылган. Мен алардын баарын көргөм, менден башка дагы далай киши көргөн, күбөлөр баары тирүү. «Асаба» жабылган менен ордуна «Агым» чыккан. Ал эми «Азаттыкты» ар кайсы телеканалдардан, радиолордон алдырып салышканы болбосо, эч качан жаптыра алышкан эмес, себеби колдорунан келбейт.
Бакиевдин убагында деле ошондой көрүнүш кайталанды, журналисттер чет өлкөгө качты, сабалды, өлтүрүлдү, бирок «Азаттык» жабылган жок.
Атамбаев өз бийлигинин тушунда «Азаттыкты» 30, 40 миллиондотуп өзү баштап сотко берди. Бирок жаптыра алган жок.
Жээнбеков болсо, «Азаттыктан» «факты барбы?» деп жүрүп өттү. ЖМК менен кармашканга убактысы тар болду.
Эми Садыр Жапаровдун тушунда баягы эскирген обон ОБОНдордун бетин жапкан айдактоосу менен кайра жаңыра баштаганы жакшылыктын жышааны эмес. Кеч боло электе эсиңерге келгиле, «Азаттыкка» ОБОНдорду тукуруп көшөгө артында отурган кутумдар!
Бийлик келет, кетет, сөз эркиндиги Кыргызстанда дайыма болуп келген, мындан ары да боло берет!», - деп белгилеген Сакыбаева.
Эске салсак, 13-октябрда Бишкекте «Азаттык Медианын» кеңсесинин алдына 40тан ашык киши чогулуп, «Азаттык», «Клооп», «Кактус» жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышты.
12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана «Кактус» ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан.
Булак: NazarNews.kg