www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы — президент «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу амнистия жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Бу
л нормативдик-укуктук акт 13-февралда күчүнө кирди. Бул мыйзам аскерден качкан жарандарга ырайымдуулук кылат.
Анда КР Кылмыш кодексинин «Аскер бөлүктү же кызмат өтөө ордун уруксатсыз таштоо» жана «Дезертирлик» беренелеринде каралган кылмыш ишин жасаган адамдар 2024-жылдын 13-февралынан тартып 13-майга чейин Аскер прокуратурасына же аскердик кызматын өтөгөн жерине өз ыктыяры менен кайтып барса, кылмыш жоопкерчилигинен бошотула турганы айтылат.
Кайрылуу үчүн даректер
1. Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы (Баткен шаарынын Курманжан датка көчөсү);
2. Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы (Ош шаарынын Петров көчөсү №33);
3. Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы (Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсү №2 б);
4. Балыкчы гарнизонунун Аскер прокуратурасы (Балыкчы шаарынын Аманбаев көчөсү №168);
5. Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы (Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсү №2/1).