www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Азык-түлүк программасынын 2025-жылдагы отчетуна ылайык, Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн 10% кирешеси кыскарып, жакырчылык деңгээли 26%га жетти. Калктын болгону 53% туруктуу иш же киреше булагына ээ.

Изилдөөдө кирешенин төмөндөшү айрыкча кыш айларында байкалганы айтылат. Айыл жергесинде талаа жумуштары токтоп, киреше азайса, шаарларда өсүш салыштырмалуу жогору болгон. Ошол эле учурда 20% үй-бүлөнүн кирешеси акыркы бир жылда көбөйгөн.

Кымбатчылык негизинен азык-түлүккө таасир этүүдө. Баалар орточо 8-9% өскөн. Сурамжылоого катышкандар күрүч, эт, май, ун сыяктуу негизги азыктарды сатып алууда кыйналып жатканын билдиришкен.

Эксперттердин айтымында, калктын басымдуу бөлүгү кирешесинин көбүн тамак-ашка жумшап, билимге же саламаттыкка каражат жетпей калууда. Көмүскө экономика жана импортко көз карандылык дагы кырдаалды татаалдаштырып жатат.

Өкмөт айлык, пенсия жана жөлөк пулдарды көбөйтүү менен абалды жакшыртууга аракет кылууда. Бирок адистер узак мөөнөттүү чечим катары өндүрүштү өнүктүрүү жана билим берүүнү жакшыртуу зарыл экенин белгилешет.

Расмий маалыматтарга караганда, айрыкча балдар арасындагы жакырчылык жогору бойдон калууда. Алдыдагы жылдары бул көрсөткүчтү 15-20%га чейин төмөндөтүү пландалууда.

Последние новости