www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде «Бала ырысы» жаңы мамлекеттик жөлөкпулун ишке ашыруунун механизмдерин талкуулоого арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев ачты. Ал өз сөзүндө «Бала ырысы» аттуу ар бир балага төрөлгөндөн тартып үч жашка чейин берилүүчү мамлекеттик ай сайынкы жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен ишке ашырылып жатканын белгилеп, бул демилге заманбап социалдык-экономикалык чакырыктарга жооп берип, күчтүү, билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана өнүккөн Кыргызстанды калыптандырууга багытталганын баса белгиледи.
Белгиленгендей, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул берүү алардын тамактануу сапатын жакшыртууга, балага кам көрүү үчүн эң зарыл шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле эрте жаштагы балдардын толук кандуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, төлөм балага кам көрүү мезгилинде үй-бүлөнүн кирешесинин убактылуу жоготуусун жарым-жартылай компенсациялоого мүмкүндүк берет.
Министр К. Сагынбаев белгилегендей, «Бала ырысы» жөлөкпулун буга чейин социалдык жөлөкпул алып жаткан майыптыгы бар балдар, «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ала алышат. Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпулдарды тандоо мүмкүнчүлүгү каралган: же «Бала ырысы» (1200 сом), же «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» (3000 сом).
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдардын эксперттери кирди. Жыйында катышуучулар жөлөкпулду берүүдө натыйжалуу жана ачык-айкын механизмдерди иштеп чыгуу боюнча негизги ыкмаларды талкуулашты.
Эксперттер белгилешкендей, баланын жашоосунун алгачкы 1000 күнүндө жетишсиз тамактануу анын когнитивдик өнүгүүсүнө, билим алуу жетишкендиктерине жана келечектеги эмгек ишмердүүлүгүнө узак мөөнөттүү терс таасирин тийгизет. Бул өз кезегинде эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана өлкөнүн жалпы экономикалык өнүгүшүнө таасир этет.
