www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-майында Астана шаарында Евразия экономикалык биримдигинин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, ЕАЭС алкагындагы энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, жалпы энергетикалык рынокторду калыптандыруу жана аймактык интеграцияны чыңдоо маселелери боюнча сөз сүйлөдү.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар электр энергиясы, газ жана энергетикалык инфраструктура багыттарындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча пикир алышты. Ошондой эле энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, рыноктук механизмдерди өркүндөтүү жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Таалайбек Ибраев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы ЕАЭС мейкиндигинде өз ара пайдалуу энергетикалык интеграцияны өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маанилүү экенин айтты.
“Өлкөлөр ортосундагы ишенимдүү кызматташтык энергетикалык туруктуулукту камсыздоонун жана аймактык өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп саналат”, — деди министр.
Мындан тышкары, кыргыз тарап ЕАЭС өлкөлөрү менен конструктивдүү диалогду жана практикалык кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экенин билдирди.
Жыйын достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.