www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асыран Айдаралиев: «Тастар» жаман тажатты

«Э» тамгасы боюнча жүрүп жаткан талкууга белгилүү журналист Асыран Айдаралиев төмөнкүдөй пикирин билдирди:

*«Мобу «кашка баштарга» эмне керек өзү? Кечээ эле качкын Акайып деген неме Айтматов түптөгөн форумга келе калып, бүт баарын «сасытканын» көрдүк. Андан да жөн келип, «өтүн кысып» эле кетпей, бүткүл кыргызды «жалкоо» кылып салганын кантейин, сыволуш саткын.

Анан анын былжырагы эми тарап-тарай электе эле, береги кашка баш (Сыртбай Мусаев деген неме экен) кайдан-жайдан пайда болуп, тигиниси элге асылса, мунусу «Э»ге асылып, «ушул тамганы кыргыз тилинин лексиконунан алып салбасам, асынып өлөм» деп чамынып турган чагы. «Өлмөктөн доңуз копсун», бирок

«Э»ге тийбесин, ошону айтып койгулачы...

Суроо: Кыргыз коому ушундай жети жүздүү, саткын акмактардан деги качан кутулат? — дейт белгилүү журналист Асыран Айдаралиев.

Эске сала кетсек, учурда Кыргызстанда кыргыз алфавитиндеги «Э» тамгасын алып салуу демилгеси коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Демилгени колдогондор бул тамга кыргыз тилинин табигый тыбыштык системасына туура келбей турганын айтышса, каршы болгондор мындай өзгөртүү тилдин калыптанган орфографиясына, билим берүү системасына жана расмий документтерге олуттуу таасир этерин белгилешүүдө. Бул маселе боюнча коомдук талкуулар уланып, түрдүү пикирлер айтылууда.

Последние новости