www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асылбек Жээнбеков сотко жеткирилген жок

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн карап жатат.

Сот отурумун судья Ирина Воронцова алып барууда.

Жактоочу Давран Касымовдун айтымында, Жээнбеков сот отурумуна алынып келген жок. Андан тышкары сот отурумун онлайн өткөрүү өтүнүчү четке кагылды.

«Мен сот отурумуна ЖМКнын жана Омбудсмендин аппаратынын өкүлдөрү катышсын деп өтүнүч келтирдим. Бирок соттук коллегия өтүнүчүмдү канааттандырган жок», - деди Касымов.

Ага байланыштуу жактоочу судьяны алмаштырууну суранды.

Соттук коллегия кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, учурдагы депутат УКМК тарабынан 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кениндеги коррупцияга тиешеси бар деп шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости